Орусия мамдумасы кыргыз айдоочулук күбөлүктөрүн тааныды

Орусия мамлекеттик думасынын депутаттары Кыргыстандын жарандары улуттук айдоочулук күбөлүктөр менен өлкө аймагында иштей ала тургандыгы жөнүндө мыйзамды жактырышты.

Мыйзам Орусия президенти Владимир Путин кол койгондон кийин күчүнө кирет. Мындан тышкары, июль айынын башында орус тили Кыргызстанда экинчи «расмий тил» экени айтылып сунушту колдоого алган.

Аталган мыйзам орус тили расмий болгон Казакстан, Беларус жана Абхазия өлкөлөрүнө дагы тийиштүү.

Орусия бийлиги 1-июндан тартып такси, автобус жана оор жүк таашыган автоуналарды Орусиянын айдоочу күбөлүктөрүсүз башкарууга тыюу салган. Бул жаңы эреже кыргызстандыктарга да таасир эткен.

Бул тыюуну аткаминерлер «айдоочу болуп иштеген чет өлкөлүктөр орус тилин жетишээрлик деңгээлде билбей» тургандыгы менен түшүндүрүшкөн.

Алар орус айдоочу күбөлүгү жок жүргөн айдоочуларга 5 миңден 15 миң рублга чейин, ал эми аларга жумуш орундарын түзүп бергендерге 50 миң рубль штраф киргизгизишкен.

Тыюу чыгаары менен Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги аталган мыйзамга каршы арыз берген. Кыргыз тарап аталган мыйзам Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөрдүн өз ара келишимдерине карама-каршы келээрин билдирген.

Кыргызстанда орус тилине 2000-жылы расмий макам берилген.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: