Бийлик учак кырсыгынан жабыр тарткандарга берилген кунду ачыктабайт

2017-жылы Дача-СУ кыштагына кулаган «Боинг-747» учагы. Сүрөт: Тилек Бейшеналы уулу

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 2017-жылдын 16-январында Дача-СУ кыштагына кулаган учактан жабыр тарткандардын жана каза тапкандардын туугандарына төлөнгөн каражаттын өлчөмүн ачыктабайт. Мындан мурда аталган мекеме 2017-жылдын ортосунда бул маалыматты жарыя кылаарын убада кылган эле.

Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов маалымат жыйынында кайдыгер эмес адамдардан чогулган 102 миллион сом кандай бөлүштүрүлгөнүн айтып бере албастыгын билдирди.

«[Жабыркагандарга] берилген акчалардын өлчөмүн мен айта албайм, бирок ал жакшы өлчөмдө жана бардык тараптарды канааттандырат. […] Бизге алардын көпчүлүгү таркатып берилген каражаттарга батир сатып алышканы маалым. Ал эми канча адам батир сатып алганын айта албайм. Эч кандай көйгөй калган жок. Өкмөт өзүнө алган милдеттердин баарын толугу менен аткарды», — деген минстрдин сөзүн 24.kg басылмасы жазып чыкты.

ӨКМнин басма сөз катчысы Элмира Шерипова Kloop.kgге берген маегинде, мекеме жабыркагандардын суранычы боюнча, канча өлчөмдө кун төлөнүп берилгенин жарыя кыла албайт.

«Биз канча акча чогулганын жана ким канча которгону боюнча маалымат бердик. Бирок кимге канча кун төлөнүп берилгенин биз айта албайбыз, анткени өкмөт ушундай чечим чыгарган. Ал эми элдер өздөрү бул маалыматты жарыя кылбоону өтүнүштү», — деди ал.

Июнь айынын башында Шерипова Kloop.kgге бир айдын ичинде таркатылып берген каражаттар боюнча маалымат ачыкка чыгаарын билдирген эле.

Анын айтымында, ӨКМ авиа кырсык боюнча 400 бет отчетту карап, ошондуктан бул маалыматты бере албай жаткан.

«Журналисттер чынында мага бир канча жолу телефон чалышып, электрондук дарегиме жазышкан. Бирок биз маалымат берүүдөн баш тартпай жакынкы арада бардыгы үчүн жарыя кылабыз деп айтканбыз», — деген Шерипова ошол кезде.

Мындан тышкары Super.kg басылмасы бул маалыматты бербей жатканы үчүн ӨКМни сотко берген. Ал эми сот алардын арызын четке каккан.

ӨКМ 2017-апрель айында элден чогулган 102 миллион сомду жабыр тарткандар менен каза болгондордун туугандарынын ортосунда бөлүштүруп берген. Мындан тышкары, бийлик түркиялык компанияга таандык учактын ээлери которгон 42 млн сомду бөлүштүрүп бериши керек.

Бирок өкмөт аталган акчаны түркиялык компания кундун экинчи бөлүгүн которгондон кийин гана 2017-жылдын июль-август айларында берилээрин билдирген.

«Боинг-747» учагы «Манас» аэропортуна жакын жердеги Дача-СУ кыштагына 16-январда кулап түшкөн. Авиа кырсыктан 39 адам менен учактын эки экипажы набыт болгон. Мамлекет келтирилген зыянды 186 миллион сомго баалаган.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: