Нарын: Үч милиция кызматкери кыйноо үчүн 8 жылга чейин кесилишти

Милициянын эки начальниги менен алардын кол алдындагы адам алдамчылык жана кыйноо боюнча күнөөлүү деп табылды. Алардын мүлкү конфискацияланып, бирөөсү 8, экинчиси 7 жылга эркинен ажыратылды.

Нарын облусунун Ат-Башы районунун ичики иштер башкармалыгынын кылмыш издөө бөлүмүнүн мурдагы начальниги «Кыйноо» жана «Алдамчылык» беренелери боюнча 5-июлда күнөөлүү деп табылды. Сот аны күчөтүлгөн тартиптеги абакка камоо өкүмүн чыгарды.

Анын мүлкү мамлекеттин эсебине өткөрүлүп, ошондой эле ага үч жыл күч түзүмдөрүндө кызмат аркалоого тыюу салынды.

Сот, андан тышкары, айылдык милиция бөлүмүнүн мурдагы начальниги менен ушул эле РИИБдин кылмышкерлерди издөө бөлүмүнүн кызматкерин «Кыйноо» беренеси боюнча күнөөлүү деп тапты.

Алардын ар бири 7 жылга күчөтүлгөн тартиптеги абакка кесилди. Мындан тышкары экөөнүн тең мүлкү конфискацияланып үч жылга чейин милицияда кызмат өтөө мүмкүнчүлүгүнөн ажыратылышты.

УКМКнын Нарын облусу боюнча бөлүмүнө 2016-жылдын 6-майында облустун үч тургуну милициялардын үстүнөн арызданып кайрылышкан. Маалыматка ылайык, милиционерлер алардан кылмыш жоопкерчилигине тартыласыңар деп 120 миң сом опузалашкан.

Ошол эле күнү улуттук коопсуздук кызматы кылмыш ишин ачкан. Тергөөчүлөр арыздануучулардын бири милиция тарабынан кыйноого кабылганын аныкташкан.

Соттук-медициналык экспертиза жабыр тарткандардын биринин ден соолугуна жеңил зыян келтирилгенин аныктаган.

УКМК 2016-жылдын 17-июлунда «Кыйноо» беренеси боюнча экинчи кылмыш ишин козгогон. Кийинчерээк 2016-жылдын 20-июлунда эки иш бириктирилип Нарын райондук сотуна кароого жөнөтүлгөн.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: