Liglass Trading ГЭС курууну убадалап, өзүнө карата кудуретсиздик жөнүндө маалыматы «алдамчылык» деди

Liglass Trading чех компаниясы алар тууралуу төлөөгө жөндөмсүз экенин жазып чыккан журналисттерди «апыртып» жатат деп күнөөлөдү. Компания келишимге ылайык ГЭС куруп берүүнү убада кылды.

Liglass Trading билдиргендей, журналисттердин компаниянын төлөөгө жөндөмсүздүгү тууралуу «жашыруун» теориялары ГЭС куруу долбооруна «залакасын» тийгизиши мүмкүн.

«Эл аралык ачык өткөн тендерде ийгиликке жеткен чех компаниясына сыймыктануунун ордуна компаниянын төлөөгө жөндөмсүздүгү боюнча "жашыруун" теорияларды таратуу аракеттерине таң калып жана наарычылыгыбызды билдиргибиз келет, анткени бул бүтүндөй долбоорго залакасын тийгизиши мүмкүн», — деп компания өзүнүн сайтына жазган.

Компаниянын жетекчилиги билдиргендей, алар тендерде мыйзамдуу түрдө жеңип чыгышкан жана кол коюлган келишимге ылайык 10 чакан ГЭС менен Жогорку Нарын ГЭС каскаддарын куруп берүүнү убадалашкан.

Liglass Trading компаниясындагылардын айтымында, мындан ары дагы кыргыз өкмөтү менен кызматташтык улана берет. Маалыматка ылайык, алар долбоорго бир канча миллион АКШ долларын салганга үлгүрүшкөн.

Кыргызстандын өкмөтү июль айынын башында Жогорку Нарын ГЭС каскадын жана 10 чакан ГЭС куруу боюнча Liglass Trading чех компаниясы менен келишимге кол кол койгон.

Өткөн аптада чехиялык үч басылма тендерде утуп алган Liglass Trading компаниясын «чыгашалуу» деп дароо жазып чыгышкан.

Маалыматтарга ылайык, чехиялык компания эч качан ГЭС куруу менен алектенген эмес жана анын юридикалык дареги боюнча Праганын чет-жакасында кароосуз калган имарат жайгашкан.

Liglass Trading компаниясынын 2014-жылдагы акыркы отчетунда көрсөтүлгөндөй, фирманын операциялык кирешеси 1 миллион 62 миң чех кронуна (же 47,9 миң АКШ долларына) төмөн болгон.

Кыргызстанда Liglass Trading компаниясынын төлөөгө жөндөмсүздүгү боюнча маалыматка коомдук ишмер Эдил Байсаловдун реакциясы көрүнүктүү болгон. Ал чех фирамсы менен кызматташууну токтотуп, Жогорку Кеңештен кезексиз жыйынын өткөрүүнү жана келишимди кайра карап чыгууну талап кылган.

Байсалов билдиргендей, Liglass Trading Армения, Орусия, Чехия өлкөлөрүндө ыктымал аткарган долбоорлорду 1990-жылдары таптакыр башка компания ишке ашырган.

Кыргызстан чех компаниясы менен келишим түзөөр алдында беш ай мурун тышкы иштер министрлиги Liglass Trading фирмасы менен кызматташпоону өтүнүп кеңеш берген.

Тышкы иштер министрлигин катында Liglass Trading компаниясы төлөөгө жөндөмсүз экени айтылган. Мындан тышкары, аталган минстрлик компаниянын ишкердик бедели жана мурдагы ийгиликтүү келишимдери боюнча маалымат тапкан эмес.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: