Өкмөт Жогорку Нарын ГЭСинин курулушун улантуу боюнча келишимге кол койду. Инвестор катары мындан мурда Кыргызстандын аймагында он чакан ГЭС куруу боюнча тендерлерде жеңип чыккан чехиялык Liglass Trading CZ компаниясы табылды.

Жогорку Нарын ГЭС каскадынын курулушун улантуу боюнча келишимге 10-июлда кол коюлган. Инвестор катары чехиялык Liglass Trading CZ компаниясы аныкталганын президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Келишимге ылайык, Liglass Trading Акбулуң жана Жогорку Нарын ГЭС каскаддарын куруп ишке берүүсү керек. Аталган ГЭСтерди куруу боюнча орусиялык «РусГидро» компаниясы менен кызматташтык 2015-жылдын декабрь айында жокко чыгарылган.

Президент Алмазбек Атамбаев 2017-жылдын июнь айынын этегинде РБК басылмасына берген маегинде Кыргызстан Жогорку Нарын ГЭСтерин куруу үчүн инвестор табылганын айтып, ал кайсыл компания экенин ачыктаган эмес.

Июль айынын башында Liglass Trading Кыргызстанда кошумча 10 чакан ГЭС куруу боюнча тендерде утуп алган. Компания 2003-жылы Чехияда түзүлгөн. Алардын расмий сайтында, Liglass Trading күн нурунан кубат чыгарган жана гидроэлектрстанцияларды кураары жазылган. Көбүнчө алар ГЭСтерди Армения, Чехия, Италия, Сербия жана Орусияда курушкан.

Жогорку Нарын ГЭСнин курулушу Орусия менен Кыргызстандын ортосундагы келишимдин негизинде 2012-жылы башталган.

Кыргызстан 2015-жылы келишимди жокко чыгарып, жаңы инвестор табууну чечкен. Анда Алмазбек Атамбаев Орусияда күйүүчү майга болгон баа түшүп жаткандыгынан улам алардын экономикасы «төмөндөп», аталган ири объекттерди куруп бере албастыгын айкан.

Орусия өз кезегинде келишим бир жактуу жокко чыгарылганы үчүн Кыргызстандан кун төлөп берүүнү талап кылган.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: