U-23 Азия чемпиондугу, тандоо: Кыргызстан 1-2 Иран

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасы 23 жаштагылар арасында өтүп жаткан Азия чемпиондугунун тандоо баскычындагы биринчи матчда Иран курамасына 1:2 эсебинде утулуп калды.

Оюндун башталышы Кыргызстан курамасы үчүн көптү күттүргөндөй болду, анткени 11-мүнөттө Роман Левченко Ирандын коргоочуларынын катасынан пайдаланып, аянттын каршы жагынан топту өзүнө имерип эсепти ача алды, Левченко жарашыктуу жана алдама соккусу менен каршылаштардын дарбазасынын сол бурчуна топ киргизди.

Каршылаштардын бир катар аракеттеринен соң 3 мүнөттөн кийин иран курамасы Резы Жафаринин так соккусунун жардамы менен эсепти теңдей алды.

Иран курамасынын биринчи голу. Сүрөт: Уулжан Саякбаева / Kloop.kg

Ирандыктар демилегини колуна алып биринчи тайм бүткүчө үстөмдүк кылышты, мунун натыйжасында 42-мүнөттө Али Голизаде каршылашынын штрафтык топ өткөзүүсүн тосуп алып улуттук кураманын дарбазасына оң тараптагы ылдыйкы бурчуна дагы бир гол киргизди.

Кыргызстандын улуттук курамасынын абалы танаписке эки мүнөт калганда коргоочу Аскарбек Салиевдин кызыл карта алышы менен оорлой түштү.

Салиев кызыл карта алып аянттан кетүүдө. Сүрөт: Бектур Искендер / Kloop.kg

Калган он оюнчу менен Валерий Березовскийдин командасы экинчи жарымдыкта үч форвардды чыгарып сокку урганга аракет кылып жатты.

Роман Левченко 59-мүнөттө дубль кайталады. Тагыраак айтканда Мустафа Юсупов жактын оң капталынан Левченко башы менен топ киргизе алды, бирок оффсайд үчүн гол эсепке кирген жок.

Иран матчттын соңуна чейин үстөмдүк кылганын уланта берди, ал эми Кыргызстан оюн бүтөөрүнө үч мүнөт калганда бир катар соккуларды аткарууга аракел кылганы менен, соккулардын бири дагы ийгилик алып келген жок.

Ирандын футболчулары Кыргызстандын дарбазасына киргизген экичи голуна сүйүнүшүүдө. Сүрөт: Бектур Искендер / Kloop.kg

А тайпасында Кыргызстан менен Ирандан тышкары Оман курамасы 21-июлда кыргыз футболчулары менен беттешет.

Ал эми U-23 Азия чемпиондугуна чыгуу мүмкүнчүлүгүн сактап калыш үчүн Березовскийдин кол алдындагы оюнчулары Оманга каршы оюнда жеңишке жетиши керек.

Чемпионаттын финалдык бөлүгү 2018-жылы Кытайда өтөт.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: