Коомдук желелердин колдонуучулары биометрикалык паспортторду колдонуудагы кыйынчылыктарга арызданышууда. Алардын айтымында, банктарда жана мамлекеттик органдарда паспорттогу электрондук чипти окуй турган жабдыктар жок, ошодуктан маалыматтарды кагазга жазып тастыктаганга туура келип жатат.

Материалдын түп нускасы «Азаттык» үналгысынын сайтында жарык көргөн. Автору: Кубанычбек Жолдошев.

Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Дастан Догоев буга чейин мына ошондой маселе болгонун ырастап, бирок бул маселени чечүү үчүн 13 банк менен келишим түзүлгөнүн жана мамлекеттик органдарга электрондук маалымат базасына жол ачылганын билдирди.

Убара кылган убайым

Айрым интернет колдонуучулар жаңы үлгүдөгү биометрикалык паспортту пайдаланууда келип чыккан машакаттар тууралуу социалдык түйүндөр аркылуу жарыялап чыгышты. Алардын айтымында, банктарда, Салык кызматында жана Социалдык фонд сыяктуу паспорттук маалыматтарды талап кылган тиешелүү мекемелерде биометрикалык паспорттогу электрондук чипти окуй албай жаткан учурлар катталган. Ошого байланыштуу алар жарандардан паспорт берген органдан тиешелүү ырастама документтерди кагаз жүзүндө алып келүүнү талап кыла башташкан.

Буга чейин мамлекеттик каттоо кызматы жарандын жеке маалыматтары анын биометрикалык паспортунун электрондук чибинде сактала турганын жарыялаган болчу. Бирок жеке ишкерлик менен алектенген журналист Тынчтык Алтымышев ал иш жүзүндө жаңы паспорт менен мамлекеттик органдарда кыйынчылыктарга дуушар болгонун мисал келтирди:

- Жакында эле жеке ишкердикке байланыштуу документтерди топтоп, мамлекеттик органдарга барууга туура келди. Мына ошондо бул жаңы паспортко байланышкан машакаттар чыкты. Мекемелерге барганда жаңы паспорт эч жерге жарабай, анын бетиндеги эле аты-жөнү, ИНН номери болгону менен калган маалыматтардын бардыгы ичинде болот экен. Анан эми бир жерден документ сурасаң, жашаган жериңер каякта, каттооңор кандай деген суроолорду бере беришип, бушайман кылышты. "Анын баары паспорттун ичинде" дешпеди беле десем, "Ал чиптин ичинде. Бирок бизде чипти окуй турган программа жок. Ал система биздеги базага кошулган эмес" деген жоопторун беришти. Ошондуктан кагаз жүзүндө ырастаган документтерди алып келүүмдү талап кылышып, анан кайрадан мамлекеттик органдарда кезекте туруп, чогултуп чыктым. Ошондой боло турган болсо, анда чибин окубаган биометрикалык паспортту бериштин кажети бар беле?

Догоев: жаңылыштык эмес, коопсуздук

Ошол эле кезде бир катар коомчулук өкүлдөрү коммерциялык банктардын кызмат көрсөтүүлөрүнөн пайдаланган учурда банктар жаңы үлгүдөгү биометрикалык паспортту тааныбай койгон жана анын жарактуулугу боюнча даттанган учурлар болгонун белгилешүүдө.

Жаңы паспорттун электрондук чибин окуган программа бардык эле банктар менен мамлекеттик уюмдарда жок экенин айткан мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Дастан Догоев бул үчүн тиешелүү мекемелер электрондук базага кошулушу керектигин айтты.

Дастан Догоев бул жерде жаңы паспорттун жарактуулугу боюнча маселе жок экенин билдирди:

- "Муну колдонсо болбойт экен" деген такталбаган маалыматтар чыгып жатат. Бирок бул андай эмес. Бул паспорт колдонууга жарактуу эле паспорт. Бизде эки мамлекеттик органдын, эл аралык эксперттердин корутундулары бар. Бул эл аралык ИКАО уюмунун 93-03 деген стандартынын талаптарына жооп бере турган документ. Азыркы учурда биз 13 банк менен келишим түзүп, алардын биздеги электрондук базадагы маалыматтарды алууга мүмкүнчүлүгү бар. Калган банктар азырынча бизге келише элек. Анан мындан сырткары негизги мамлекеттик мекемелер бул системага кошулган. Азыр бизде "Түндүк" деген система иштелип жатат. Мына ошол аркылуу бардык мамлекеттик органдар биздин электрондук каттоо тутумуна кошулуп, иштей алышат.

Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматы боюнча, жаңы үлгүдөгү биометрикалык паспорт эл аралык стандарттагы коргоо белгилеринен туруп, анын электрондук чибинде жарандын бармак изи, каттоосу, үй-бүлөлүк абалы, каалоосуна жараша улуту, пенсиялык жана медициналык китепчеси, айдоочулук күбөлүгү жана банк эсеби сыяктуу маалыматтар көрсөтүлөт. Бирок учурда алардын арасынан айдоочулук күбөлүк, банк эсеби, пенсиялык жана медициналык китепчелер тууралуу маалыматтар электрондук чипке киргизиле элек.

Мамлекеттик каттоо кызматы аларды кийинчерээк киргизүүнү убада кылган. Дастан Догоев жарандардын жеке маалыматтары сакталган электрондук чипти ачык калтыра албай турганын айтып, бул үчүн алардын макулдугу керектигин айтты:

- Биз бул чиптердеги маалыматтарды ачык бойдон калтыра албайбыз. Анткени анда жарандардын өздүк маалыматтары камтылган. Ошондуктан бул жерде коопсуздук маселеси турат. Жарандардын өзүнүн жеке макулдугу жок, биз аны ачып берип койо албайбыз. Мына ошондуктан тиешелүү мекемелер жана банктар биз менен келишим түзүп, электрондук базага кошулуп, андан соң жарандардын макулдугун алып, ошонун негизинде гана ага кире алышат. Бул бекитилген эреже.

Дастан Догоев жаңы үлгүдөгү паспорттордун электрондук чибин окууга мүмкүнчүлүк алуу үчүн банктар жана тиешелүү мамлекеттик органдар маалыматтардын каттоо базасына кошулуу боюнча келишим түзүүгө милдеттүү экенин белгиледи. Ал бул жерде жаңы паспорттордогу жеке маалыматтардын купуялуулугун сактоо чарасына байланышкан чектөөлөр бар экенин билдирди.

Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматы боюнча учурда 120 миңден ашуун жаран жаңы үлгүдөгү паспортко акысыз ээ болгон.


ТЕМА БОЮНЧА: