Салянованын соту адвокаттын ооруканага жаткандыгына байланыштуу жылдырылды

Адвокат Чынара Жакупбекова депутат Аида Салянова боюнча соттук жыйындын алдында эс-учун жоготкон. Ал ооруканага жеткирилип, соттук жыйын башка күнгө жылдырылган.

Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда 21-июль күнү Жогорку Кеңештеги «Ата мекен» фракциясынын депутаты Аида Салянованын иши каралмак. Бирок адвокат Чынара Жакупбекова өзүн жаман сезип жаткандыктан отурум башка күнгө жылдырылган.

Салянованын партиялашы Алмамбет Шыкмаматовдун Kloop.kgге курган маегинде Жакупбекованын абалы туруктуу экенин айтты.

«Бүгүн Ленин райондук сотунда Салянованын иши каралмак. Ошол соттук отурумга даярданып бүтүп, эшикке чыгып бара жаткан кезде Чынаранын эси ооп жыгылыптыр. Кошуналары тез жардам чакыртышкан. Азыр Чынаранын абалы жакшы», — дейт ал.

Шыкмаматовдун айтымында, Жакупбекованын ооруканага жаткырылышынын себеби «ал тынбай үч соттук иштин үстүнөн иштеп жататкандыгында».

«Анын эмчектеги баласы дагы бар. Мындан тышкары ал [Өмүрбек] Текебаев, [Аида] Салянова жана мага кошо тынбай адвокат болуп иштеп жатат. Ал дагы адам, чарчайт», — деди Шыкмаматов.

Аида Салянова «кызматтык абалынан кыянаттык» кылган деп күнөөлөнүүдө.

Мамлекеттик айыптоонун версиясы боюнча, ал юстиция министри болуп турган кезде 2010-жылы мурдагы президент Курманбек Бакиевдин баласынын кызыкчылыгын коргоп жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын «мыйзамсыз» узартып берген.

Ал эми Салянова өзү, аталган айыптоолорду президент Атамбаевдин дарегине айтылган сындар үчүн саясий мүнөзгө ээ деп айткан.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: