Liglass компаниясынын жетекчилиги Кыргызстанда басма сөз жыйынын өткөргөн жок

Liglass Trading чех компаниясынын түзүүчүсү Михал Смелик журналисттер үчүн убада кылынган басма сөз жыйынын өткөргөн жок. Коомчулук чехиялык компаниянын Жогорку Нарын ГЭСинин каскадын кура алышынан жана төлөөгө жөндөмдүүлүгүнөн күмөн санап жатат.

Чех компаниясынын Евразия боюнча өкүлү Иржи Войтеховски 18-июлда Liglass Trading компаниясынын түптөөчүсү Михал Смелик Кыргызстанга 26-июлда келип, журналисттердин суроолоруна жооп берээрин убадалаган.

Бирок басма сөз жыйыны болуп өткөн жок. Liglass Tradingдин жетекчилиги качан Кыргызстанга келип, убада кылынган басма сөз жыйынын өткөрөөрү белгисиз.

Компаниянын өкүлдөрү азырынча комментарий алууга жеткиликсиз болууда.

Liglass Trading Кыргызстандын бийлиги менен Жогорку Нарын ГЭСинин каскадын куруу боюнча келишимге 10-июлда кол койгон. Анын артынан эле бул чууга айланып, чехиялык ондогон басылмалар Liglass Trading компаниясын «чыгашалуу» деп жазып чыгышкан.

2014-жылдагы акыркы отчетунда көрсөтүлгөндөй, фирманын операциялык кирешеси -53 миң АКШ долларына төмөн болгон.

ЖМКдагы маалыматтарга ылайык, чехиялык компания эч качан ГЭС куруу менен алектенген эмес жана анын юридикалык дареги боюнча Праганын чет-жакасында кароосуз калган имарат жайгашкан.

Чех компаниясы менен келишим түзөөр алдында алты ай мурун Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги Liglass Trading фирмасы менен кызматташпоону өтүнүп кеңеш берген.

Тышкы иштер министрлигин катында Liglass Trading компаниясы төлөөгө жөндөмсүз экени айтылган. Мындан тышкары, аталган минстрлик компаниянын ишкердик бедели жана мурдагы ийгиликтүү келишимдери боюнча маалымат тапкан эмес.

Компания Чехияда 2003-жылы негизделген. Расмий сайтында жазылгандай, компания күн жана гидроэлектр станцияларын куруу менен алектенет.


ТЕМА БОЮНЧА: