Бишкектин Биринчи май райондук сотунда оппозиционер Өмүрбек Текебаевдин көрсөтмөсү угулду. Текебаев 1 миллион АКШ доллары боюнча коюлуп жаткан күнөөнү «саясий бурук» деп атады.

Орусиялык ишкер Леонид Маевскийден 1 миллион АКШ доллар пара алганы боюнча айыпталып жаткан Текебаевдин иши боюнча кезектеги соттук отурум 4-августта болду.

Бул күнү саясатчы өзүнүн көрсөтмөсүндө Маевский 1 миллион АКШ долларын бергендиги боюнча айткан сөзү «карандай калп жана саясий буйрук» деп билдирди.

«Анын мага акча бергендиги боюнча айткан сөзүнөн башка эч нерсе жок. Буюмдук далилдери жок. Мен Маевскийге чалган эмесмин, менин акча алганым тууралуу сөз болгон эмес. Маевский өзүнүн көрсөтмөсүндө алдап жатат. Мен Маевскийден эч нерсе алган жокмун, эч нерсе берген эмес», — деп билдирди Текебаев.

13-майдагы жолугушуу

Андан кийин Текебаев 2010-жылдын 13-майында Маевский менен биринчи жолугушуу болушу мүмкүн эместиги боюнча кененирээк айтып берди.

Айыптоочу тараптын версиясы боюнча, бул жолугушуу Текебаевдин Убактылуу өкмөтүнүн имаратындагы кабинетинде болгон. Тергөө бул эпизод боюнча Алексей Модиндин көрсөтмөсүнө таянууда. (Модин Маевскийдин ишенген адамы)

Бирок Текебаев өз көрсөтмөсүндө Модин эч качан анын кабинетинде болгон эмес жана ал кандай экенин дагы билбейт деди. Саясатчы өз көрсөтмөсүн тергөө эксперименти учурунда Модин 2010-жылы Алмазбек Атамбаев отурган кабинетти көрсөткөндүгүн айтып ырастоодо.

«Модин Атамбаевдин кабинетине кирген. Биздин кабинеттерди алмаштырып алышкан», — деп айтты Текебаев.

Маевскийдин көрсөтмөсүнө ылайык, жолугушуу Бишкектен алыс эмес жайгашкан «Супара» этно-борборунда уланган.

Маевскийдин айтымында, дал ошондо Текебаев Кыргызстандын базарына кирүү үчүн жана «Мегаком» байланыш операторун башкарууга 1 миллион АКШ долларын талап кылганда орус ишкери макул болгон.

Бирок Текебаевдин маалыматына ылайык, ал күнү «Супарада» Маевский менен жолугушу мүмкүн эмес болчу, анткени Убактылуу өкмөттүн башка мүчөлөрү менен өлкөнүн түштүгүндөгү абалды жөнгө салуунун үстүндө иштеген.

Саясатчынын айтымында, бул күнү Убактылуу өкмөттүн душмандары Ош менен Жалал-Абадда чоң митингдерди уюштурушуп жергиликтүү администрацияларды басып алып жатышкан.

Текебаев ошондой эле Маеский менен «Супарадагы» жолугушуусу 13-августта эмес 23-августта болгонун билдирди.

Москвадагы жолугушуу

Саясатчынын версиясы боюнча, ал экинчи жолу Маевскийге 2010-жылдын 1-сентябрында Мамдуманын депуттары менен байланышты жакшыртуу үчүн жолуккан.

«Мына ушул батирде биз жолугуп, ошондо Мамдуманын депуттарына мени тааныштыруу боюнча сүйлөшүүлөрдү уланттым. Мен 2010-жылдын октябрындагы парламенттик шайлоо алдында алардын колдоосуна ээ болгум келген», — деди Текебаев.

Ал эми Маевский өз көрсөтмөсүндө айткан калган үч жолугушууну Текебаев четке какты.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: