Түркия: Манастын айкели Стамбул сейил багынын көркүн ачты

Стамбулдун сейил бактарынын биринде Манастын айкели ачылды. Эстеликти куруу жана орнотуу иштерин Стамбулда жашаган кыргызстандык каржылады.

Стамбулдун Сүтлүже сейил бакчасында Манастын эстелиги орнотулду. Бул туурасында өзүнүн «Фейсбук» барагына иш-чаранын демилгечиси Темирлан Сарлыкбек уулу жазган.

Эстеликти жасоого жана орнотууга керектелген каражатты меценат өз чөнтөгүнөн чыгарган. Айкелдин авторлору Токталы Мурзакаримов менен Сааданбек Ажиев.

«Бул менин "Манас эпосу" боюнча алгачкы ишим эмес. Буга чейин "Манас — адамзат тарыхынын мурасы" аттуу китеп даярдагам. Эки жылдан бери Манас атабыздын айкелин Стамбул шаарында тургузуу боюнча иш-чараны демилгелеп, айкелдин өзүн толук каржыладым», —  деп жазган Сарлыкбек уулу.

Айкелчилердин учак билеттерин, жатакана, тамак-аш жана башка чыгымдарын демилгечинин достору каржылаган.

Эстеликтин расмий ачылышы 9-августка пландалууда.

Айкелди жасоо иштери 2016-жылдын октябрында башталган. Активисттер Манастын жанына Чыңгыз Айтматов, Жусуп Баласагын, Саякбай Каралаев жана башка кыргыздын чыгаандарынын эстеликтерин орнотууну дагы пландашкан.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: