Өзбекстандын премьер-министри чек ара маселесин талкуулоо үчүн Кыргызстанга келет

Өзбекстандын өкмөт башчысы Абдулла Арипов Чолпон-Атада кыргыз-өзбек чек арасын тактоо маселесин талкуулайт.

Ариповдун сапары боюнча маалымат анын кыргыз кесиптеши премьер-министр Сооронбай Жээнбеков менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүнөн кийин 7-августта белгилүү болгон.

Кыргыз-өзбек чек арасын талкуулоо боюнча жолугушуу 15-17-августка чейин Чолпон-Атада өтөт.

Бул Өзбекстандын өкмөт башчысынын биринчи президент Ислам Каримов кайтыш болгондон кийинки биринчи сапары.

Кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча маселе Өзбекстандын биринчи башчысы Ислам Каримовдон кийин президенттик кызматка Шавкат Мирзиёевдин келиши менен жанданган.

Соңку жылдары Кыргызстан менен Өзбекстан чек араларды тактоо үчүн бир катар жолугууларды өткөзгөн, мындан тышкары эки өлкөнүн башчылары бири бирине чоң делегаттардын сапарларын уюштурушкан.

Учурда кыргыз-өзбек чек арасындагы 58 аймакта 300 чакырым чек ара такталган эмес. Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосунда жалпысынан чек аранын узундугу 1370 чакырымды түзөт.

Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов 2017-жылдын апрелинде эки өлкөнүн бийлиги жерлерди тактоону тырыхый чагылдырып калуу үчүн келишим даярдап жатканын билдирген. Бирок өзбек тараптан чек ара 76,5 пайызга гана белгиленген.

Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандын жерлери Фергана өрөөнү менен тыгыз болуп, бири биринин аймактарындагы анклавдардын бар болушу абалды оорлотуп өлкөлөр ортосунда татаал чек ара тутумун түзөт.

Өлкөлөр ортосундагы чек аранын көпчүлүк бөлүгү тактала электиги жергиликтүу жашоочулар менен жана айрым учурларда чек арачылар менен кагылышууга алып келүүдө.

Чек араларды тактоо маселеси СССР таркагандан бери чечилбей келет, анткени борбор азиялык өлкөлөр жерлерди макулдашуу боюнча ар кандай документтерди сунуштап келет.

Сүрөт: «Озодлик»

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: