БШКнын тогуз мүчөсүнө каршы Башкы прокуратурага арыз берилди

«Прецедент» юридикалык компаниясы Башкы прокуратурага Боршайкомдун тогуз мүчөсүнө кылмыш ишин козгоо талабын койду. Юристтердин айтымында, БШКнын мүчөлөрү атайлап оппозиционер Өмүрбек Текебаевге мамлекеттик тил боюнча тест тапшырууга тоскоол болуп жатат.

Кылмыш ишин козгоо боюнча арыз тапшырылганын «Прецеденттин» башчысы Нурбек Токтакунов билдирди.

Анын айтымында оппозиционердин тест тапшыруусуна каршы добуш берген БШКнын тогуз мүчөсү Кылмыш-Жаза кодексинин «Шайлоо укуктарын жүзөгө ашырууга же шайлоо комиссияларынын ишине тоскоолдук кылуу» боюнча 139 беренесин бузушкан.

Ошондой эле, Токтакунов БШК тест тапшыруу үчүн саясатчыга шарт түзүп бере алмак жана Боршайком УКМКны Текебавди сынак өтө турган жерге алып барууга милдеттендирмек деди, себеп дегенде оппозиционер ТИЗОдо отурат деп белгиледи.

«БШКнын токтомдорун шайлоо учурунда бардык мамлекеттик органдар аткарууга милдеттүү. Алар мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссияны ТИЗОго барып ага мындай шарт түзүп берүүгө милдеттендире алмак», — деди Токтакунов Kloop.kgге курган маегинде.

Боршайкомдун мүчөсүнүн бири Абдыжапар Бекматов комиссия комментарий берүүдөн баш тартууда деп айтты. «Биз Боршайкомдун жумушчу тобунун чечимдерине комментарий бербейбиз», — деди ал.

БШКнын жумушчу тобу 10-августта болгон жыйында саясатчыны мамлекеттик тил сынагына киргизбөө чечимин кабыл алган. Чечимге БШКнын 12 мүчөсүнүн ичинен тогузу каршы добуш берген.

Жогорку сот 8-августта БШКны Текебаевдин шайлоо укуктарын камсыз кылууга шарт түзүп берүүнү милдеттендирген. Мурдараак Биринчи май райондук соту менен Боршайком саясатчынын тест тапшыруусун ким камсыз кыла тургандыгын билбей коюшкан.

Өмүрбек Текебаев келерки президенттик шайлоого талапкерлердин бири. Учурда ал коррупция жана алдамчылык боюнча шектелип ТИЗОдо отурат.

Тергөөнүн версиясы боюнча, Текебаев орусиялык ишкер Леонид Маевскийден пара алып, ага «Мегаком» байланыш операторун башкарууга мүмкүндүк берүүнү убада кылган.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: