Текебаев соттук жыйында жарыш сөзгө чыгып бүттү

Оппозиционер Өмүрбек Текебаев

Оппозиционер Өмүрбек Текебаев өзүнө каршы соттук жыйында жарыш сөздө сүйлөп бүттү. Саясатчынын адвокаты өзүнүн коргоого алган адамына каршы далилдердин жетишсиздигин билдирип аны бошотууну суранды.

Текебаев боюнча сотто тараптардын жарыш сөзгө чыгып сүйлөгөнү 9-15-августка чейин төрт жыйынга уланды. Саясатчы өзүнүн пикиринде соттук жыйындарда айтылган бардык билдирүүлөрдү жыйынтыктады. Саясатчынын айтымында, өзүнө каршы сот «карандай калп» жана «саясий буйрук».

Текебаев дагы бир кезекте алдамчылык жана коррупция боюнча коюлуп жаткан айыпты четке какты. «Мени ыйгарым укуктарды аша чапкандыкка күнөөлөй берсеңер болот, бирок "Мегаком" боюнча мен күнөөлү эмесмин», — деди саясатчы.

Адвокат Искен Афиджановдун айтымында, айыптоочу тараптын Текебаевге каршы далилдери жетишсиз. Ал сотту өзүнүн коргоого алган адамын толук түрдө актап сот залынан эркиндикке бошотууну суранды.

Экинчи адвокат Чынара Жакупбекованын айтымында, кылмыш ишинде процессуалдык катачылыктар кеткен. Жакупбекова айыптоочу тарап дайыма өзүнө карама каршы чыгып жана өзүнүн айыптоосуна далили жоктугун билдирди.

«Эң эле кызыктуу нерсе бул тергөө тарап токтомдо 2017-жыл деп көрсөтпөй 2016-жыл деп көрсөткөн. Тагыраак айтканда, бул жерде процессуалдык кодексти бузууну эске албаганда грамматикалык дагы каталарды кетиришкен», — деди ал.

Жакупбекованын айтымында, Текебаевге кийинки 2-3 күн аралыгында окүм чыгарылышы мүмкүн.

Оппозиционер Өмүрбек Текебаев коорупция жана алдамчылык боюнча тергөө алдында отурат.

Тергөөнүн версиясы боюнча, ал орусиялык ишкер Леонид Маевскийден пара алып, ага «Мегаком» байланыш операторун башкарууга мүмкүндүк берүүнү убада кылган.

Саясатчы менен анын тарапташтары бул ишти Текебаевди президенттик шайлоого катыштырбоо укугунан ажыратуу үчүн атайын саясий буйрук деп сыпатташууда. Текебаев үстүбүздөгү жылдын октябрында өтө турган президенттик шайлоого аттанып жаткан талапкерлердин бири

Буга чейин Боршайком Текебаевдин мамлекеттик тил боюнча тест тапшыруусуна бөгөт койгон, ал эми саясатчы сынактын жыйынтыгы жок президенттик шайлоого катыша албай калат.

Авторлошу: Айзирек Иманалиева

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: