Мамлекеттик мүлк фондуна «Мегакомду» беш жылга бөлүп төлөө жолу менен 13 млрд сомго сатып алуу боюнча кыргыз жаранынан сунуш түшкөн. Мындай бүтүмдөр бөлүп төлөө жолу менен ишке ашырылбагандыктан жана сунушталган акчанын көлөмү мурда жарыяланган баадан төмөн болгонуна байланыштуу бул сунуштан баш тартышкан.

Маммүлк фондунун басма сөз кызматы «Мегакомду» беш жылга бөлүп төлөө жолу менен 13 млрд сомго сатып алуу боюнча билдирме түшкөнүн тастыктады.

«Мындай билдирме бизге келген, бирок мыйзамда бөлүп төлөө жолу менен сатуу каралган эмес. Ошондой эле, ал [компанияны сатып алууну каалаган] адам "Мегакомдун" бекитилген 13,5 млрд сомдон төмөн 13 млрд сом бааны сунуштаган», — деп билдиришти фонддун басма сөз кызматынан.

Маммүлк фондунун башчысы Болсунбек Казаков байланыш операторун сатып алуу үчүн акчаны бир айлык мөөнөттө которуш керек экенин билдирди.

«Альфа Телеком» («Мегаком» байланыш операторун) 2016-жылдан бери сата албай келишет. Компаниянын баштапкы баасы 19 млрд сом деп белгиленген болчу.

Бирок, компанияны сатуу боюнча үч жолку аукциондо сатып алуу үчүн бир дагы билдирме түшкөн эмес. Ошол себептүү анын баасы 13,5 млрд сомго төмөндөтүлгөн.

Мамлекеттик мүлк башкаруу фонду байланыш операторун түз сатуу ыкмасы менен сатууну чечкен. Сатып алууну каалагандардын сунуштамалары бир ай аларылыгына чейин кабыл алынат.

Ошондой эле сатып алуучу компаниянын бардык соттук иштери боюнча жоопкерчиликтерди өзүнө алууга милдеттүү.

Орусиялык Penwell компаниясы августта Кыргызстандын өкмөтүнөн «Мегакомду» мыйзамсыз басып алуу үчүн 200 млн доллар талап кылган.

Компаниянын өкүлдөрү 2006-жылы «Мегаком» алардын каражатына түзүлгөнүн айтышууда, ал эми 2008-жылы операторду Максим Бакиев рейдерлик жол менен тартып алгандан кийин Penwell компанияда өзүнүн үлүшүн жоготуп алган.

Маммүлк фондунун башчысы Болсунбек Казаков «Мегакомду» сатууда эч кандай кыйынчылыктар болбосун билдирди. Анын айтымында, Penwell компаниясынын эл аралык сотко кайрылуусу үчүн эч кандай юридикалык далилдери жок.

«Мегаком» Кыргызстандагы үч ири байланыш операторунун катарына кирет. Ал үч миллиондон ашуун абонетти тейлейт жана дээрлик бүткүл өлкө аймагын камтыйт.

Убактылуу өкмөт 2010-жылы компаниянын 49 пайыз акциясын улутташтырган. Андан төрт жыл өткөндөн кийин «Мегаком» толугу менен мамлекеттин карамагына өткөн.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: