Шайлоо-2017: Ташиев менен Келдибеков БШКга кол белгилерди тапшырышты

«Ата журт» партиясынан президенттикке талапкерлер Камчыбек Ташиев менен Ахматбек Келдибеков Борбордук шайлоо комиссиясына тарапташтарынын кол белгилерин тапшырышты. Келдибеков 53 миңден ашык, ал эми Ташиев 45 миң кол белги тапшырышкан.

Келдибеков менен Ташиев 24-августта кол белгилерди тапшырышты. Эки талапкер тең «Ата журт» саясий партиясынан президенттик кызматка ат салышып жатат. Мыйзам боюнча кол белгилердин аныктыгын БШК 10 күн аралыгында текшерип чыгуусу керек.

Эгерде 30 миңден ашуун кол белги анык деп табылса Ташиев менен Келдибеков президенттикке талапкер катары каттоого алынат. Буга чейин алар мамлекеттик тил сынагынан ийгиликтүү өтүшкөн.

Мурда Ташиев парламенттин депутаты болгон жана өзгөчө кырдаалдар министрлигин жетектеген. Келдибеков парламенттин спикерлик кызматын аркалаган.

Август айынын башында Ташиев менен Келдибеков өлкөнүн түштүк аймагынан чыккан башка саясатчылар, «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын башчысы Бакыт Төрөбаев жана «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын башчысы Адахан Мадумаров менен бир партиянын алдына биригишкен.

Бардык төрт саясатчы шайлоодо бир талапкерди колдой турганын чечишкен, бирок кимиси экени азырынча белгисиз. Учурда бардыгы тең бирдей президенттикке талапкер.

БШК 23-августта Төрөбаевди президенттикке талапкер катары каттоого алган. Андан тышкары дагы үч адам катталган. Алар мурдагы премьер-министрлер Сооронбай Жээнбеков, Темир Сариев жана Өмүрбек Бабанов.

Президенттик шайлоо 2017-жылдын 15-октябрында өтөт.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: