Алмаз Үсөнов президенттик аппараттын жетекчиси болуп дайындалды

Өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев президенттин жаңы аппарат башчысы кылып Алмаз Үсөновду дайындады. Буга чейин Үсөнов беш жыл өлкө башчынын басма сөз кызматын жетектеген.

Атамбаев жарлыкка 26-августта кол койгон. Эми Алмаз Үсөнов президенттик аппараттын жетекчиси болуп калды.

Ага чейин бул кызматты учурда премьер-министр болуп дайындалган Сапар Исаков аркалаган.

Алмаз Үсөнов 2012-жылдан тартып президенттик аппараттын маалымат саясаты боюнча бөлүмүн жетектеген.

УКМКнын башчысы Абдил Сегизбаев менен Үсөновду 2017-жылдын жаз айларында «Ата мекен» партиясынын юристтери сотко беришкен.

Юристтер «Ата мекенчи» депутаттардын «Мегаком» компаниясын сатууга кызыктыгы бар деген маалыматты жалган бул маалымат алардын ар-намысы менен кадыр-баркына шек келтирет деп билдиришкен.

Үсөнов өзүнүн Фейсбуктагы барагына берилген арызды «долулуктун көрүнүшү» деп атаган.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: