Москванын басмаканасында өрттөн каза болгон 14 кыргызстандык кыз-келиндин туугандары 2,5 жыл жатак абагына кесилген ишканын башкы директору Сергей Москвинге чыгарылган өкүмду даттанышат. Каза тапкандардын туугандары өкүмдү «жеңил» деп аташууда.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги каза тапкан кыргызстандыктардын туугандарына өкүмдү даттанууда жардам берээрин билдирди.

Басмакананын башкы директоруна 2,5 жыл жатак абагына кескен өкүм чыгарышкан. Кыз-келиндердин туугандары сот ага «жеңил жаза» берип койду деп эсептешүүдө.

«Элчилик каза болгон кыргызстандыктардын туугандарына сот аркылуу кун төлөп берүү маселеси боюнча Орусиянын компетенттүү органдары менен иштешүү […] уланып жатканын маалымдап турган», — деп билдирет Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги.

Москвада 27-августта өрттө каза болгондордун элесине арналган акция өттү. Ага Москвадагы кыргыздардын диаспоранын өкүлдөрү, жарандык активисттер жана каза тапкандардын туугандары катышышкан.

«Туугандарга көңүл айткан жана колдоо көрсөткөн сөздөр элчиликтин кызматкерлери тарабынан, Мамлекеттик миграция өкүлчүлүк кызматынын, аксакалдар кеңешинин өкүлдөрү жана диаспоралардын коомдук уюмдары тарабынан айтылды», — деп билдирди элчилик.

Москвинге карата өкүм 17-августта чыккан. Сот ошондой эле басмаканын башкы инженери Антон Яцковго каршы дагы чечим чыгарган. Ага карата 3,5 жыл жатак абагына эркинен ажыратуу каралган.

Москвинди дагы, Яцковду дагы адам өлүмүн алып келген «өрт коопсуздук эрежелерин бузуу» боюнча соттошкон.

Кыргызстандыктардын өлүмү

Басмаканадагы өрт 2016-жылдын жай мезгилдеринде чыкан. Анын кесепетинен 17 адам каза тапкан, алардын арасында 14 кыргызстандык кыз-келин болгон.

Тергөөнүн версиясы боюнча, өрт бузук жарык чыгаруучу жабдыктан улам келип чыккан. Өрт басмакананын ичиндеги ууландыруучу заттардын айынан тез эле жалындап имаратты каптап кеткен.

Орусиялык үч кыз-келин жана кыргызстандык 14 кыз-келин төртүнчү кабаттагы кийим алмаштыруучу бөлмөгө камалып калып, иске ууланып өлгөн. Өрт тез чыгып кеткендиктен алар имараттан чыгып кете албай калышкан.

Москва ӨКМнин башкы башкармалыгынын маалыматына ылайык, өрттүн курмандыктары тосмолонгон бөлмөдө болушкандыктан куткаруучулар дубалды талкалап кирүүгө аргасыз болушкан.

Кыз-келиндердин басмаканада курман болгондугу Кыргызстанда чуу жараткан. Жарандар аза күтүү акциясына келишип, Бишкектеги Уркуя Салиеванын эстелигине гүл коюшкан.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: