Орусияда терракт уюштурууну пландап жаткан Борбор Азиянын эки атуулу кармалды

Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы 1-сентябрга карата терракт уюштурууну пландап жаткан Борбор Азиянын эки атуулун кармады. Атайын кызматтын версиясы боюнча, бирөөсү бычак менен кол салууну көздөгөн, экинчиси өзүн-өзү жардырмак.

ФККнын маалыматына ылайык, кармалгандардын бири жакында эле интернетте «Исалам мамлекетинин» өкүлдөрүнө кайрылуу жасаган.

«Кайрылууда ал террористтерге берилгендик боюнча антын берген. Андан кийин ал атылбаган курал-жарак колдонуу менен жарандарга кол салууну көздөгөн. Анын телефонунда "Ислам мамлекетинин" катарына тарткан адамдардын байланыш номурлары менен кылмыш ишин жасоо көрсөтмөлөрү табылган», — деп билдирди ФКК.

Экинчи шектүү адамдан колго жасалган жарылуучу зат табылган.

«Ал өлүмгө өкүм кылынган террорист болуп, өзүн-өзү жардырууну каалаганын мойнуна алды», — деп билдиришти ФККдан.

ФККнын тергөө бөлүмү «Террористтик чабуулга даярдануу», «Террористтик уюмдун ишмердигине катышуу», «Курал жарактарды, жарылуучу заттар менен жарылуучу түзмөктү мыйзамсыз айландыруу» беренелери боюнча кылмыш ишин козгоо маселесин карап жатат.   

Терракт уюштурууга шектелген Борбор Азиянын атуулдарын кармоолор 3-апрелде Санкт-Петербург метросундагы жардыруудан кийин башталган.

Жарылуунун натыйжасында 16 адам набыт болуп, дагы 50дөн ашууну жабыр тартышкан. Атайын кызмат терракт уюштуруу боюнча Кыргызстанда туулган Акбаржон Жалиловду күнөөлөгөн, ал жарылуу учурунда каза тапткан.

Ошондой эле ФКК Кыргызстанда туулган дагы эки адамды кармаган. Алар: Акрам менен Аброр Азимовдор. Алар терракт уюштурууга жардам кылышкан деп айыпталып жатышат. Экөө тең учурда тергөө изолятордо камакта.

Бир тууган Азимовдор ФККнын «жашыруун түрмөсүндө» кылмышты моюнга алдыруу үчүн кыйноолорго дуушар болуп жатышканын айтып, Орусиянын Башкы прокуратурасына арыз беришкен.


ТЕМА БОЮНЧА: