Генерал Чотбаев катышкан жол кырсыкта эки адам каза тапты

Бишкек-Токмок айлампа жолунда генерал-полковник Абдыгул Чотбаев айдаган «Тойота Ленд Крузер» үлгүсүндөгү машина менен «Тойота Авенсис» машинасы сүзүшкөн. Кырсык болгон жерден эки адам каза таап, дагы жетөө жабыр тарткан.

Жол кырсыгы 2-сентябрь күнү кечинде Ысык-Атанын Ивановка айылынын аймагында болгон.

Айлампа жолдо «Тойота Ленд Крузер» жол тандабасы менен «Тойота Авенсис» үлгүсүндөгү жеңил машина сүзүшкөн.

Жол кырсыгынан эки адам набыт болуп, дагы жетөө жабыр тарткан, алардын арасында 13 жашар өспүрүм бар.

Чүй облусу боюнча Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Бактыгүл Мамытова жабыр тарткандар Ысык-Атанын ооруканасына жеткирилгенин билдирди.

Абдыгул Чотбаев. Сүрөт: Диля Родионова/Спутник

Жол тандабастын айдоочусу Кыргызстандын Улуттук гвардиясынын биринчи колбашчысы генерал-полковник Абдыгул Чотбаев болгон.

«Мен өз жолум менен келе жаткам, бир маалда 10-15 метр аралыктан жолдун каршылаш тилкесине бул машина чыга калды», — деп айткан ал Спутник басылмасынын кабарчысына.

Кырсыктын себептери такталууда, милиция иликтөө жүргүзүп жатат.


ТЕМА БОЮНЧА: