Орзубек Назаровдун кызы менен болгон жол кырсык: Тергөө бүткүчө эки милиционер жумуштан четтетилди

Бишкекте 19-август күнү жол кырсыгына аралашып калган эки патрулдук милицонер тергөө бүткүчө кызматтан четтетилет. Күбөлөр билдиришкендей, аталган милиция кызматкерлери мотоциклчен Аделина Назарованы кууп бара жатышкан. Мотоцикл жеңил машинага урунуп, анда эки киши набыт болгон жана үчөө жабыр тартышкан.

Бишкек милициясы эки адам каза таап жана үч адам жабыркаган жол кырсыгы фактысы боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүүдө. Жабыр тарткандардын бирөөсү бокс боюнча жети жолку дүйнө чемпиону Орзубек Назаровдун кызы Аделина.

Патрулдук милициянын эки кызматкерин тергөө бүткүчө кызматтан четтетишти.

«Алар кайсы мыйзам бузуулар боюнча четтетилгенин, прокуратура иштин материалдарына юридикалык баа бергенден кийин айтабыз», — деп айтылат маалыматта.

Милициянын маалыматы боюнча, 19-августта түнкү саат 01:30 патрулдук милионерлер жүргүнчүсү Аделина Назарова отурган мотоциклист Тоголок Молдо көчөсүндө чоң ылдамдыкта кетип бара жатканын байкап калышкан. Алар тартип бузуулардын артынан барышып, андан кийин мотоцикл кабылган «жол кырсыгын көрүшкөн».

Күбөлөрдүн айтымында, мотоциклистти патрулдук милиция кууп бара жаткан. Чүй менен Тоголок Молдо көчөлөрүнүн кесилишинде мотоциклчи башкарууну жоготуп «Тойота Пассо» үлгүсүндөгү машинаны барып сүзгөн.

Мотоциклди башкарган жаш жигит кырсык болгон жерден көз жумуп, Назаровдун кызы комага түшкөн. Машинанын жабыркаган үч жүргүнчүсү ооруканага жеткирилген. Кийинчерээк «Тойота Пассо» үлгүсүндөгү машинанын жүргүнчүлөрүнүн бири ооруканада каза болгон.

Назарова 31-августта комадан чыгып, учурда сакайып бара жатат.


ТЕМА БОЮНЧА: