Бекназаров: Президенттик шайлоого катышканым үчүн кылмыш козгошту

Президенттикке талапкер жана мурдагы башкы прокурор Азимбек Бекназаров билдиргендей, ага карата кылмыш ишин президенттик шайлоого катышканы жатканы үчүн козгошкон. Атайын кызмат Бекназаров оппозициячыл Өмүрбек Текебаевдин сотунда «жалган көрсөтмө» берген деп эсептейт.

Бекназаров Текебаевдин соту боюнча иште берилген көрсөтмөнү эми гана ага каршы пайдаланып жатышканына таң калууда.

«Мен эч нерседен коркпойм, менин абийирим таза. Соттогу менин көрсөтмөлөрүм баары бир көңүлгө алынган эмес. Мен аларда кайра кайталап бере алам. Кылмыш ишти президенттик шайлоонун алдында козгошту», — деди ал.

Ошондой эле, Бекназаровдун айтымында, аны «кылмыш иши менен коркута алышпайт» жана президенттикке талапкер катары анын «иммунитети бар», ошондуктан УКМК ага каршы кылмыш ишин ачууга укуктуу эмес болчу.  

«Президенттикке талапкер өзгөчө коргоого ээ. Шайлоо бүтмөйүнчө талапкерди камакка алып же кылмыш ишин козгобош керек. Буга карабастан иш козголду», — деди ал.

«Прецедент» компаниясынын директору Фатима Якупбаева Kloop.kgнин журналистине президенттикке талапкер болуп катталган адамдын кол тийбестиги бар экенин тастыктады.

«Бекназаров каттоого алынган талапкер жана аны жоопкерчиликке тартуу шайлоонун жыйынтыгы жарыялангандан кийин гана болушу мүмкүн», — деди Якупбаева.

Бекназаровго каршы кылмыш иши

УКМК Бекназаровго каршы 5-сентябрда кылмыш ишин ачкан. Тергөө Текебаев боюнча сотто мурдагы башкы прокурор «жалган көрсөтмө» бердим деп айтып жаткан аудио жазма менен видео тасманы текшерген.

Экспертиза аудио менен видео жазмадагы үндөр Бекназаровдуку экени так аныкталганын жана жазмалар кандайдыр бир монтаждоого дуушар болбогонун тастыктаган.

Буга чейин Бекназаров аталган жазманын «монтаж» экенин билдирген.

Ташиев менен Бекназаровдун маеги

УКМКнын маалыматында айтылган аудио жазманы YouTubeдун колдонуучусу Самат Медетов 13-август күнү кечинде жарыялаган. Аталган колдонуучунун аккаунтунда бул биринчи жана жалгыз аудио жазма.

Аудио жазмада болжолдуу мурдагы депутат Камчыбек Ташиев менен мурдагы башкы прокурор Азимбек Бекназаровдун ортосундагы маеги жазылып алынган. Сүйлөшүүдө Бекназаровдун үнүндөй сүйлөгөн адам оппозициячыл Өмүрбек Текебаевдин иши боюнча бир нече жолу жалган көрсөтмө бергендигин мойнуна алып, бул үчүн кудайдан кечирим сурайт.

«Акеңди көрдүң да (кеп Текебаев жөнүндө), байкуш, кейпи саал кетип калыптыр. Дүйшөн (кеп Текебаевдин иши боюнча дагы бир айыпталуучу Дүйшөнкул Чотонов жөнүндө) ага караганда түзүгүрөөк отурду. Бирок сөөгүм агаргыча калп айттым. Кудай өзүң кечир деп, ар калпты айткан сайын, кудай өзүң кечир деп турдум да», — деп айтат аудио жазмадагы үн.

Бекназаровдун күбө катары берген көрсөтмөлөрү

Бекназаров 19-июлда Текебаевдин иши боюнча күбө катары сотто көрсөтмө берген. Ал Текебаевдин «Мегаком» байланыш операторун улутташтырууга жана анын башкаруучусун алмаштырууга эч кандай тиешеси жок деп билдирген.

Бирок Бишкектин Биринчи май райондук соту бул көрсөтмөлөрдү эске албай, 15-августта Текебаевди орусиялык ишкер Леонид Маевскийден 1 млн доллар пара алган деп күнөөлүү тапкан.

Сот оппозиционердин мүлкүн мамлекеттин эсебине чегерүү менен 8 жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган. Бирок саясатчы берилген мөөнөттүн 4,5 жылын гана камакта өткөрөт. Сот БУУнун адам уктары боюнча декларациясын кабыл алгандыгынын 65 жыл толгонуна байланыштуу Текебаевге карата мунапыс колдонгон.

Текебаев өкүмдү даттанып, Бишкек шаардык соту учурда бул ишти кайра карай баштады. Текебев камакка алынганга чейин конституциялык реформанын жана президент Алмазбек Атамбаев жүргүзгөн саясаттын эң башкы сынчысы болгон.


ТЕМА БОЮНЧА: