Президенттер Алмазбек Атамбаев менен Шавкат Мирзиёев кыргыз-өзбек чек арасынын 1170 чакырымын тактоо боюнча келишимге кол коюшту. Тараптардын чек арага чектеш 200 чакырымдай жерин аныктоосу гана калды. Дипломаттардын калган жерлер боюнча качан бир пикирге келишээри белгисиз бойдон калууда. Kloop.kgнин редакциясы 17 жыл ичиндеги бардык чырлуу окуяларды эстеп көрүүнү чечти.

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы дипломатиялык мамилелер 1993-жылы түзүлгөн, ал эми үч жылдан кийин мамлекеттер ортосунда Түбөлүк достук келишимине кол коюлган.

Келишимге ылайык, өлкөлөр экономикалык биримдик менен мамлекеттердин чек араларынын бүтүндүгүн жана достук мамилелерди колдоп турууну макулдашышкан.

Мамлекеттер ортосунда алгачкы жолу чек араларды тактоо аракеттери 2000-жылы башталган. Советтер биримдиги тарагандан кийин ар бир өлкө мамлекететтик чек араларды тактоо үчүн ар жылдары чыгарылган документтер менен карталарды сунуштап келишкен. Анда 1378 чакырым жер талаштуу болуп калган.

Сох анклавы

Сох. Сүрөт: Дүйнөлүк саякатто энциклопедиясы

Эки өлкө 2001-жылы биргелешкен мамлекеттик чек араны делимитация жана демаркация кылуу боюнча кыргы-өзбек меморандумун кабыл алышкан.

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев 2015-жылдагы жыйынтыктоочу маалымат жыйынында 2001-жылдагы келишим Кыргызстандын Баткен облусунда жайгашкан Сох өзбек анклавына тийиштүү болгонун билдирген.

Өзбек дипломаттары 2001-жылы Өзбекстанды Сох анклавынан бөлүп турган Кыргызстандын 10 миң гектардан ашуун жерин Өзбекстандын карамагына өткөрүп берүүнү же Өзбекстанды анклав менен байланыштырып турган негизги авто жолду берүүнү сунушташкан.

Кыргызстанда өзбек дипломаттарынын сунуштарына каршылык көрсөтүлүп, бул эки мамлекеттин ортосундагы мамилелердин бузулушун жараткан.

Бирок ошол эле 2001-жылы Кыргызстан менен Өзбекстандын бийлиги жашыруун меморандумга кол коюшкан, ага ылайык кыргыз тарап Сох анклавын Өзбекстан менен байланыштырган коридор ачып бериши керек болчу. Ал эми өзбек тарап Кыргызстанга башка жерден бирдей теңдеш жер бөлүп берүүнү шарт кылган.

Ошол кезде сүйлөшүүлөргө катышкан мурдагы вице-премьер-министр Базарбай Мамбетовдун айтымында, ал учурда премьер-министр болуп турган Курманбек Бакиев эртеси күнү эле документти тышкы иштер министрлиги (ТИМ) аркылуу артка чакыртып алган.

Ал эми ошол учурда 2003-жылы узакка созулган сүйлөшүүлөрдөн кийин мамлекеттер 1378 чакырымды түзгөн бирдиктүү чек аранын ичинен 654үн делимитация кылышкан.

200 чакырым: Талаштуу жер

Сүрөт: Азаттык

Кыргыз-өзбек талаштуу чек араларын аныктоо боюнча сүйлөшүүлөр 2011-жылы башталган. Анда өзбек тарап 2009-жылдын декабрында ошол кезде мурдагы премьер-министр Данияр Үсөновдун Ташкенге барган иш сапары учурунда айрым жерлерди кайра карап чыгууга макулдук берген протоколун көрсөткөн.

Кыргыз тарап эки тарапты тең ынандырып жооп ала турган чечимиди табууга аракет кылган: «мындан ары дагы такталбаган жерлерди аныктоону улантып, делимитация иштери аяктаган соң эгерде зарылдык пайда болсо буга чейин аныкталган жерлерди эки тараптын макулдугу менен кароого киришсе болот»

Кыргызстандын мурдагы президенти Роза Отунбаеванын маалыматына ылайык, 2011-жылдын башында делегациялар деңгээлинде чек аранын 1378,44 чакырымынын ичинен 1058,83 чакырымы макулдашылган.

Ал учурда 2011-жылы Кыргызстандын мурдагы премьер-министри Алмазбек Атамбаев учурдагы Өзбекстандын президенти жана мурдагы кесиптеши Шавкат Мирзиёев менен Ташкенге болгон иш сапары учурунда жолуккан. Жолугушууда чек араларды делимитациялоо маселелери талкууланган.

Ошондой эле, 2012-2014-жылдар аралыгында сүйлөшүүлөр учурунда Кемпирабад менен Касансай (Орто-Токой суу сактагычы) суу сактагычтары, Барак кыргыз анклавы менен өзбек Шахимардан анклавдарына жол ачуу, 2010-жылы жабылган чек арадагы көзөмөл-өткөрүү пунктарын ачуу жана көгүлтүр от өндүрүү кендери боюнча маселелерди талкууланган.

Ал эми 2014-жылы кезектеги сүйлөшүүлөр учурунда өзбек тарап чек аранын болгону 701 чакырымын гана тааный турганы белгилүү болгон.

Ошол жылы Өзбекстан Ошко газ берүүнү жандантуунун ордуна Сох анклавына коридор ачып берүүнү жана Нарын дайрасына ГЭС курууну токтотууну талап кылган. Кыргызстан Өзбекстандын талабын аткаруудан баш тарткан.

Кыргыз өкмөтү 2015-жылдын августунда кыргы-өзбек чек араларын макулдашуу боюнча келишимдин долбоорун даярдап жатканы белгилүү болгон. Анда чек аралар маселелери боюнча өкмөттүк комиссиянын мурдагы жетекчиси Саламат Аламанов «Азаттык» үналгысына курган маегинде, өзбек тарап такталган 200 чакырым жерди алып салып, келишим түзүүнү сунуштаганын билдирген.

Анда дагы кыргыз делегациясы ал сунуштун түрүнө макул болбой, өзүнүкүн сунуштаганы белгилүү болгон. Натыйжада аталган өкмөттүн долбооруна кол коюлган эмес.

Чек аралар боюнча маселелер 2016-жылы кайра жаңы күч алган. Президент Алмазбек Атамбаев менен Өзбекстандын өлкө башчысы Шавкат Мирзиёевдин ортосундагы телефондук баарлашуу учурунда тараптардын кыргыз-өзбек чек араларын делимитация жана демаркациялоо маселелери ийгиликтүү чечилиши керектиги боюнча өз ара кызыкчылыктар бар экени тастыкталган.

Апрель айында Кыргызстан менен Өзбекстандын бийлиги миңге жакын чакырым чек араны тактоо боюнча келишими түзгөнү белгилүү болгон. Документке ылайык, эки өлкөнүн ортосунда чек араларды тактоо боюнча бири-бирине дооматтары жок болушу керек.

Келишимге өлкө башчылар Шавкат Мирзиёев Кыргызстанга алкачкы жолу келген учурда президент Алмазбек Атамбаев менен жолукканда кол коюушту. Эми эки өлкөнүн парламенттери келишимди ратификациялашы керек.

Кыргызстандын президенттик аппаратынын тышкы саясат боюнча бөлүмүнүн башчысы Айзада Субакожоева Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосунда такталууну талап кылган 200 чакырым мамлекеттик чек ара гана калганын билдирди.

Учурда стратегиялык жерлер талаштуу болуп калууда. Алардын негизгилери — Кемпир-Абад суу сактагычы, Жалал-Абад облусундагы Гавасай жери менен Баткен облусундагы Сох анклавынын айланасындагы аймак.

«Ал жакта бизге жана Өзбекстанга дагы кызыкчылык жараткан жерлер бар. Алар боюнча өзүнчө сүйлөшүүлөргө барып, караш керек. Чек аралардын толук делимитациясы жөнүндө эки тарап талаштуу жерлер боюнча чечим чыгаргандан кийин кеп кылса болот. Ошондон кийин гана эки өлкө ортосунда протоколго кол коюлат», — деп түшүндүрдү «Азаттык» үналгысына курган маегинде мурдагы чек аралар маселелери жана коопсуздук менен укук тартиби боюнча вице-премьер-министр Абдрахман Маматалиев.


ТЕМА БОЮНЧА: