Киевде эки кыргызстандык атышууга кабылды

Украинанын борбор калаасындагы Зоология менен Дягтерев көчөлөрүнүн кесилишиндеги атышууда эки кыргызстандык жабыркады. Алардын «Порше» үлгүсүндөгү машинасы белгисиз адамдар тарабынан аткылоого учураган.

Украин полициясы «Эки же андан көп адамды өлтүрүү үчүн кол салуу» беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду.

Алдын ала маалыматтар боюнча, 8-сентябрда Киевде бир нече белгисиз адамдар ок чыгарып кубалоо уюштурушкан.

«Опель» үлгүсүндөгү белгисиз адамдар «Ягуар» айдаган машинадагыларды кубалашкан. Алар чоң ылдамдыкта бир нече көчөдөн өтүп, ок чыгара башташкан.

Кокустуктан жолдун жээгинде токтоп турган «Порше» үлгүсүндөгү машинага ок тийген. Анын салонунда отурган адамдар көптөгөн ок жараттарын алышып, оор абалда ооруканага жеткирилген.

Киев полициясынын начальниги Андрей Крищенко «112 Украина» телеканалына курган маегинде «Поршеде» Кыргызстандын жарандары болгонун айткан.

«Алардын жашоосуна эч нерсе коркунуч жаратпайт деп үмүттөнөбүз. Аткылап салышкан машина — "Ягуар". Ал эми кылмышкерлер өз автоунаасында из жашыруу аракетин көрүшкөндө "Поршеге" кошо ок тийген, анын атышууга тиешеси жок», — деди ал.

Полиция окуянын чоо-жайын аныкатап, тергөө жүрүп жатат.

Сүрөт: ЕСПРЕСОА


ТЕМА БОЮНЧА: