Чоң Аксуу капчыгайындагы өрт 4 гектардан ашык токойду каптады

Темир айылынынын жанындагы өрт токойдун төрт гектардан ашык жери менен кургак чөптөрдү каптаган. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өрт менен күрөшүү үчүн 56 адамды жөнөткөн. Өрт азырынча өчүрүлө элек.

ӨКМден билдиришкендей, өрт тууралуу маалымат нөөмөтчүнүн пультуна 10-сентябрда саат 14:30да түшкөн.

ӨКМдин кызматкерлери өрттү кеч киргенге чейин өчүрүшкөн, бирок андан кийин жумуш токтотулган. Өрттү өчүрүү иши кайра 11-сентябрда таң эрте башталган.

«10-сентябрда өрт чыккан аймакта жаан жаай баштап, өрттүн жайылып кетишин токтоткон. Учурда өрт өчүрүү кызматкерлери майда өрттөрдү өчүрүү менен алектенишүүдө», — деп билдиришти ӨКМдин басма сөз кызматынан.

Өрттүн чыгуу себептери такталууда.

Чоң Аксуу капчыгайы Ысык-Көлдөгү эң белгилүү туристтик аймактардын бири. Капчыгайдын тоо башында үч көл бар, мындан тышкары ал жакта баалуу өсүмдүктөр менен бактардын түрлөрү өсөт.


ТЕМА БОЮНЧА: