Араван: Айыл өкмөт башчысы тургундарды Жээнбековго добуш бергиле деп үндөдү

Оштун Араван районундагы Юсупов айыл өкмөтүнүн башчысы Шукурулло Файзуллаев 12-сентябрда айылдын жашоочуларын бийликчил КСДП партиясынын президенттикке талапкери Сооронбай Жээнбековго добуш бергиле деп чакырган.

Файзуллаев улуттар аралык ынтымак маселесин талкуулаш үчүн айылдын 100гө жакын тургунун чогулткан. Бирок ал чогулгандардын алдында сүйлөп жатып айылдыктарды Жээнбековго добуш бергиле деп чакыра баштаган.

Айыл өкмөтүнүн башчысынын айтымында, эгерде айылдыктар аны колдошпосо, бул «катачылык» болот.

«Ал киши динчил үй бүлөөдөн, жубайы, бала-чакасы менен ажыга барган. Бир тууган агасы араб мамлекеттеринде элчи болгон. Оштун да мэри болгон. Каабага сегиз жолу кирген экен. […] Ошондуктан бир добуштан тигил же бул деп эки ойлобой аракет кылсак жүзүбүз жарык болот. Президент болуп калса беймарал алдына кирип, депутаттарга кирип жолдордун абалын, мектептердин проблемасын айтсак жүзүбүз жарык болот», — деп айткан айыл өкмөттүн башчысы.

Ал чогулушка катышкан жашоочулар өз добуштарын Жээнбековго беребиз деп убада кылышкан.

Файзуллаев чогулуштан кийин «Азаттык» үналгысына «бул үгүт эмес өкмөттүн жасаган иштерине шүгүр келтирүү» деп айткан.

«Прецедент» юридикалык компаниясынын директору Фатима Якупбаева Kloop.kgге курган маегинде, айыл өкмөт башчысынын сөздөрү үгүттөө болуп эсептелет деди.

«Бул дагы мыйзам бузуу болуп эсептелинет, анткени ал жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын кызматкери, тагыраак айтканда жоопту кызматкер. Угүттү жарандар, шайлоо штабынын мүчөлөрү жана талапкерлер өздөрү гана жүргүзө алышат», — деди Якупбаева.

Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришкендей, бул боюнча аларга эч кандай арыздануу түшкөн эмес. Бирок БШКнын Ош аймагы боюнча координатору Расулбек Кадыров «Азаттык» үналгысына курган маегинде мындай иш аракеттер үчүн Файзуллаевге эскертүү чыгарылаарын айткан.

Сүрөт: «Азаттык»


ТЕМА БОЮНЧА: