Бишкек шаардык соту Садыр Жапаровго чыгарылган өкүмдү күчүндө калтырды

Парламенттин экс-депутаты Садыр Жапаров.

Бишкек шаардык соту мурдагы депутат Садыр Жапаровдун күнөөсү далилденген деп эсептеп, аны 11 жыл алты ай камакка алуу чечимин күчүндө калтырды. Соттун мурдагы чечимин жактоочу тараптан тышкары жабырлануучу Ысык-Көл облусунун мурдагы губернатору Эмилбек Каптагаев дагы даттанган.

Бишкек шаардык сотунун коллегиясы Жаңыл Мамбеталынын төрагалыгы астында 2013-жылы митингде Ысык-Көл облусунун мурдагы губернору Эмилбек Каптагаевди өлтүрүү менен коркутуп, барымтага алганы боюнча Садыр Жапаровдун күнөөсү далилденген деп эсептейт.

Соттор августтун башында Жапаровду 11 жыл алты айга кесүү боюнча Биринчи май райондук соттун өкүмүн күчүндө калтырышты.

Ал эми Жапар өзү күнөөнү мойнуна албай жатат. Анын айтымында, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин кызматкерлери күбөлөрдү кыйнап көрсөтмө алышкан. Ал өзүнө каршы ишти «жасалма» деп эсептейт.  

«Эгерде бийликтин талаптарын аткарбаганыңарда, силер биз менен кошо менин күнөөлү эмес экениме ынанууга аракет кылмаксыңар. Силер биз суранган үч күбөнү чакырмаксыңар. Бийлик билет, алар чындыкты айтып бергенде силер мени боштондукка чыгараарыңарды, бирок силер аны кылган жоксуңар, анткени силер буйрукту аткарып жатасыңар», — деди ал.

Жабырлануучу Эмилбек Каптагаев Жапаров күнөөлүү эмес деп эсептейт. Ал өкүмдү жактоочулар менен кошо даттанган.

«Мен чындык үчүн. Бул иште акыйкаттык менен мыйзамдуулук жок. Ойлонгула, силер Жапаровдун гана тагдырын эмес өзүнөрдүкүн кошо чечесиңер. Акыйкат чечимге келгиле», — деп чакырды соттук коллегияны Каптагаев жарыш сөз учурунда.

Бирок сот Каптагаевдин даттануусун көңүл сыртында калтырды.

Атайын кызмат Жапаровду 25-мартта казак-кыргыз чек арасынан өтүп жаткан учурда колго түшүргөн. Ал УКМКга жеткирилип, ал жактан тергөө жүргүзүү убагында тергөө изоляторуна которулган.

Саясатчы камакка алынганда Жапаровдун жүздөгөн тарапташтары УКМКнын имаратынын алдына аны бошотууну талап кылып чыгышкан. Митинг милиция менен каршылык акциясына чыккандардын ортосунда тирешүү менен аяктаган.

Токсонго жакын адамга штраф тагылган, ал эми арасында Жапаровдун баласы болгон 11 тарапташын сот төрт жылдан сегиз жылга чейин шартту жана анык мөөнөткө кесүү өкүмүн чыгарган.


ТЕМА БОЮНЧА: