Масалиев проспектисинде тез жардам кызматынын машинасы жол кырсыгына учурады. Машинанын салонундагы фельдшер-медайым менен өспүрүм оор абалда.

Бишкектин патрулдук милициясынан Kloop.kgге жол кырсыгы 20-сентябрда таң эрте Масалиев проспектисинде (Түштүк магистралында) болгонун билдиришти.

Милициянын маалыматына ылайык, тез жардам унаасы «Арча-Бешик» жаңы конушуна чакырууга барган жана ооруканага кайтып келе жаткан учурда жол кырсыгына кабылган.

«Айдоочунун айтымында, жолдун тилкесине күтүүсүздөн жолбун ит чыга калган. Айдоочу машинаны дароо буруп, жээктеги арыкка түшүп калган», — деп маалымдашты милициядан.

Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан Kloop.kgнин кабарчысына фельдшер-медайым менен өспүрүм оор абалда экенин билдиришти.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, медайымды омуртка сөөктөрү сынган абалда реанимацияга жеткиришкен. Мындан тышкары, ооруканага жеткирилип бара жаткан өспүрүм дагы оор абалда.


ТЕМА БОЮНЧА: