Бишкек: Изолятордо өзүн-өзү өлтүргөн аял үчүн кылмыш иши козголду

Бишкектин прокуратурасы өз наристесин өлтүрүүгө шектелген аялдын өзүн-өзү өлтүрүү фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду. Ал ШИИБдин абагында өзүн асып салган.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдиргендей, изолятордун кызматкерлери шектүү аялды талапка ылайык текшербей андан «тыюу салынган» буюм — аялдар башына салына турган жоолукту албай коюшкан. Ал ошол жоолукка асынып өлгөн.

Кылмыш иши «Шалаакылык» беренеси боюнча козголду.

«Кармалган аялга Убактылуу камоо жайынын кызматкерлери тарабынан тийиштүү көзөмөл жүргүзүлбөгөнүнөн улам, өзүнүн жоолугун суу түтүгүнө байлап туруп, өзүн-өзү өлтүргөн», — деп билдирди прокуратуранын басма сөз кызматы.

Аялдын денеси 23-сентябрда Бишкек ШИИБнин изоляторунда табылган.  

Каза болгон аял өз наристесин өлтүрүүгө шектелип жаткан. Ымыркайдын денеси 14-сентябрда Киркомстромдун аймагында таштанды салгыч челектен табылган. Бир жума өтүп милиция баланын энесин кармап, убактылуу камоо жайына бекиткен.

Ага каршы «Эненин жаңы төрөлгөн баласын өлтүрүшү» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон, аны үч жылга чейин эркинен ажарытуу каралып жаткан.


ТЕМА БОЮНЧА: