Талас: Жээнбековдун көрнөгүнүн өрттөлүшү боюнча кылмыш иши козголду

Талас облусунун милициясы бийликчил президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековдун үгүт көрнөгүн өрттөө фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду. Буга чейин белгисиздер бир көрнөктү өрттөп, дагы экөөсүн бузуп кетишкен.

Укук коргоо органдары «Байбаштык» беренеси боюнча кылмыш ишин козгошту.

Буга чейин 17-сентябрда Талас облусунун Манас районунда белгисиздер Жээнбековдун үгүт көрнөгүн өрттөп кетишкен.

Жээнбековдун Талас облусу боюнча шайлоо алдындагы штабынын жетекчиси Мирлан Эсенкулов окуяга саясатчынын каршылаштарын күнөөлөдү, бирок так ысымдарды атаган жок.

Жээнбеков президенттик кызматка башкы талапкерлердин бири. Анын эки негизги атаандаштары мурдагы эки премьер-министр Темир Сариев менен Өмүрбек Бабанов.

Үстүбүздөгү жылдын 15-октябрында өтө турган президенттик шайлоого учурда 13 адам ат салышууда.

Сүрөт: Азаттык


ТЕМА БОЮНЧА: