«Ата Журт» партиясынын башчысы Камчыбек Ташиев билдиргендей, ал бийликчил талапкер Сооронбай Жээнбековдун пайдасы үчүн президенттик шайлоодон өз талапкерлигин алат.

Бул туурасында Ташиев 20-сентябрда Жээнбековдун Жалал-Абад облусунун Барпы айылындагы шайлоочулары менен жолугушуу учурунда билдиргенин «Азаттык» үналгысы маалымдады.

Саясатчы жергиликтүү тургундар менен партиялаштарын Жээнбековго добуш берүүгө чакырды. Ал эми Жээнбеков өзү ага ыраазычылык билдирип, Ташиев аны «премьер-министрлик кызмат үчүн» колдоону чечкен жок деп билдирди.

«Ал соодалашпастан, кызмат сурабастан, "сен президент, мен премьер-министр" деп айтпай эле мага колдоо көрсөтүүнү чечти. Ал мага кандайдыр бир шарт койгон жок, болгону мени өлкөнүн туруктуулугу жана Кыргызстандын келечеги үчүн колдой турганын айтты», — деди ал.

Бирок Ташиев азырынча Борбордук шайлоо комиссиясына шайлоодон өз талапкерлигин алуу боюнча арыз тапшыра элек.

«Бул туурасында ал болгону жалпыга маалымдоо каражаттарына айтты. Азырынча расмий арыздар жок», — деп билдиришти БШКнын басма сөз кызматынан Kloop.kgнин кабарчысына.

Буга чейин Ташиев Жээнбеков менен кызматташыш үчүн өзүнүн оппозициялык ишмердигин токтотуп жатканын маалымдаган.

«Мен азыркы бийликтегилерге жети жыл каршы күрөштүм, жети жыл оппозицияда болдум, жети жыл ушуларга өзүмдүн чындыгымды чыркыратып айтып келдим. Бирок бүгүн мамлекетибизде президент алмашып жатат. Кийинки президентибиз дагы элибизге, журтубузга жакшы кызмат кылса экен», — деп айткан Ташиев өлкөнүн түштүгүнө болгон жолугушуулары учурунда.

Оппозициялык ишмердик

Камчыбек Ташиев 2010-жылдагы ыңкылапка чейин эң башкы оппозициячыл саясатчылардын бири болгон, ага чейин ал өзгөчө кырдаалдар министринин кызматын аркалаган.

Анын «Ата журт» партиясы 2010-жылы парламенттик шайлоодо күтүүсүздөн биринчи орунду ээлеген, бул нерсе ага депутат болууга шарт түзгөн. Аны соттун өкүмүнөн кийин 2013-жылдын августунда депутаттык мандаттан ажыратышкан.

Ташиевди 2012-жылы Кумтөр алтын кенин улутташтыруу үчүн уюштулулган митингде бийликти күч менен басып алуу аракети боюнча күнөөлүү деп табышкан.

Сот аны «Бийликти күч менен басып алуу же бийликти күч менен кармап туруу» беренеси боюнча 1 жыл 5 айга түрмөгө кескен. Бирок саясатчы эркиндикте калган, анткени анын камакта кармоо убактысы бүтүп калган.

Башка саясатчылар менен биригүү

«Ата Журт» партиясы 2014-жылдын октябрында Өмүрбек Бабановдун «Республика» парламенттик партиясына кошулган. Жаңы «Республика — Ата Журт» партиясы 2015-жылы парламенттик шайлоодон өткөн.

Бирок Ташиев өзү «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын талапкери Абдыманап Абдыбахаповду ыктымал сабап салганы үчүн парламенттик шайлоодон алынган.

Ташиев 2016-жылдын ноябрында «Республика — Ата журт» партиясынын курамынан чыгып кеткен, бул бирикменин таркашына себеп болгон.

«Ата журт» партиясы 2017-жылдын июль айында президенттик кызматка Ташиев менен мурдагы депутат Ахматбек Келдибековдун талапкерлигин чыгара турганын жарыялаган.

Август айында Ташиев президенттикке үч талапкер Адахан Мадумаров, Ахматбек Келдибеков жана Бакыт Төрөбаев менен «Кайра Жаралуу» партиясынын алдында бириккен.

Саясатчылар партиянын атынан бирдиктүү талапкерди чыгара тургандыктарын билдиришкен, бирок пикир келишпестиктерден улам бул нерсе болгон жок.

Натыйжада Төрөбаев келерки 15-октябрда өтө турган шайлоодо, учурда бийликчил социал-демократтар партиясынын талапкери Сооронбай Жээнбековдун башкы атаандашы эсептелген жана Ташиевдин мурдагы өнөктөшү болгон Өмүрбек Бабанов менен бириккен.


ТЕМА БОЮНЧА: