Бишкек: 27 млн сомго оңдолгон түшмө өтмөктөн жамгырдан кийин суу тамчылап жатат

Чүй менен Манас проспектилеринин кесилишиндеги түшмө өтмөктө жамгырдан кийин суу тамчылай баштады. Оңдоп түзөөдөн өткөн түшмө өтмөктүн ачылышы 20 күн мурун болгон. Мэриянын адистери тамчылоонун себептерин аныкташууда.

Филармониянын жанындагы түшмө өтмөктүн үстүнөн суу тамчылап жатканы тартылган сүрөттү фэйсбуктун колдонуучусу Назгүл Бостонбаева жарыялаган.

Капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Койчогул Ибраимов «Кактус» басылмасына курган маегинде, тамчылоонун себептери «жакын арада» аныкталаарын айткан.  

«Бары бир сапатсыз иш үчүн подрядчик жооп берет — “Главтехинвест” компаниясы», — деди Ибраимов.

Чүй менен Манас проспектисиндеги түшмө өтмөк эки ай жүргөн оңдоо иштеринен кийин 11-сентябрда ачылган.

Оңдоо иштери 2017-жылы жаз айларында башталган, анткени түшмө өтмөк «авариялык абалдын алдында» турган.

Негизги оңдоо иштеринен тышкары, бийлик түшмө өтмөктө майыптар үчүн заманбап көтөргүчтөрдү орнотууну убада кылууда.

Өтмөктү оңдоо үчүн 27 млн сом сарпталган. Ошондой эле, мэрия Совет менен Чүй көчөлөрүнүн кесилишиндеги түшмө өтмөктү оңдоону улантып жатат.

Жалпысынан эки өтмөктү оңдоо үчүн 70 млн сом бөлүнгөн.

Башкы беттеги сүрөт: Назгүл Бостонбаевага таандык


ТЕМА БОЮНЧА: