Президент Алмазбек Атамбаев расмий сапары менен Өзбекстанга барып, өлкө башчысы Шавкат Мирзиёев менен жолугушту. Өлкө башчылар Камбар-Ата 1 ГЭСнин курулушу, Касансай (Орто-Токой) суу сактагычын чогуу колдонуу боюнча жана жаңы жолдо акысыз жүк ташууну макулдашышты. 

Атамбаев Өзбекстанда 5-6-октябрь күндөрү болду. Президент коңшу республикага Өзбекстандын башчысы Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга болгон сапарынан кийин так бир айдан соң барды.

Мирзиёев Атамбаевди аэропорттон тосуп алды. Президенттик кортеждин жол жүрүшүндө Кыргызстандын башчысы эки өлкөнүн илинген тууларын жана кыргы-өзбек тилинде жазылган саламдашуу сөздөрүн байкай алды.

Президенттер көпчүлүк убакытта сүйлөшүүлөрдө болушту, бирок Атамбаев кайра учуп келүү алдында бир нече жайларга барды.

Кыргызстандын президенти «Эгемендүүлүк жана гуманизм» монументине гүл койду. Андан кийин Мирзиёев менен Атамбаев эки өлкөнүн өнөр-жай өндүрүмдөрүнүн «Узэкспомарказ» комплексиндеги көргөзмөсүнө барышып, өндүрүштөр менен таанышышты.

Камбар-Ата 1 ГЭСнин курулушу

Сүйлөшүүлөр учурунда президенттер Камбар-Ата 1 ГЭСнин курулушу боюнча кызматташууну макулдашышты.

Президенттер «Улуттук энергетикалык холдинг компаниясынын» жана «Өзбекгидроэнергосунун» ортосунда Камбар-Ата 1 ГЭСнин курулушу жаатында кызматташуу жөнүндө Өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюушту.

Мирзиёев Кыргызстанга болгон сапары учурунда эле өзбек бийлиги станциянын курулушуна жардам бере турганын билдирген.

«[Кыргызстандын президенти] Алмазбек Шаршенович бир дагы станция Өзбекстандын катышуусусуз курулбастыгын айтты. Мен толугу менен макулмун, биз каржылоо боюнча эң жигердүү катышабыз, Камбар-Ата ГЭСин чогуу курабыз, анткени ал бизге керек. Бул эки өлкө үчүн пайдалуу», — деп билдирген ал.

Буга чейин Өзбекстандын мурдагы президенти Ислам Каримов Кыргызстандын аймагында ГЭС курууга каршы чыгып жаткан. Каримов бул Өзбекстанда жана Борбор Азия чөлкөмүндө суунун тартыштыгына алып келет деп эсептеген.

Каримов чөлкөмдөгү суу маселеси «ушунчалык деңгээлге чейин чыңалып, бир гана тирешүүгө алып келбестен, согуш дагы чыгып кетиши мүмкүн» деп билдирген.

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы суу боюнча талаш-тартыштар Советтер биримдиги тарагандан кийин башталган, анткени Борбор Азия чөлкөмүндөгү өлкөлөрдүн кызыкчылыктарын эске алган бирдиктүү суу-энергетикалык комплекс иштебей калган.

Кыргызстандын аймагындагы дайралардын башында суу ресурстарынын көлөмү абдан чоң. Ал эми дайра агымынын ылдый жагында суу жетишпеген Өзбекстан бар.

Кыргызстан негизинен сууну ГЭСтерде электр энергиясын өндүрүү үчүн колдонот, ошон үчүн кышкысын суу коё берилет. Жайкысын өлкө суу ресурстарын кышкы жылытуу сезонуна карата чогултат. Бирок Өзбекстанда суу дал ошол жайкысын жерлерди сугаруу үчүн керектелет.

Касансай (Орто-Токой) суу сактагычын пайдалануу

Талаштуу жерлердин бири — Орто-токой, ошол эле — Касансай суу сактагычы.

Ошондой эле, өлкөлөрдүн өкмөттөрү Жалал-Абад облусундагы Касансай (Орто-Токой) суу сактагычын биргелешип пайдалануу боюнча келишимге кол коюушту.

Суу сактагычтын көзөмөлү менен кайтарылышын Кыргызстан камсыздайт, ал эми Өзбекстан суу сактагычтагы сууну пайдаланууну улантып, анын иштешине кеткен чыгымды камсыздап турат.

Суу сактагычты колдонуу маселеси макулдашылбаганынан улам бир нече жолу катуу жаңжалдар чыгып кеткен.

Жаңжалдардын бири кыргыз бийлиги 2016-жылдын жазында суу сактагычта оңдоо иштерин жүргүзүү үчүн өзбек адистерин өткөрүүдөн баш тарткандан кийин чыгып кеткен.

Ошондон кийин 18-мартта Өзбекстандын бийлиги кыргыз-өзбек чек арасындагы талаштуу жерге аскерлер менен БТРди жана эки КамАЗды киргизген. Кыргызстан дагы ошондой эле аракетке барып, чек арада аскерлер менен эки БТРди алпарып койгон. Аскерлер талаштуу жер тилкесинен марттын аягында гана кетишкен.

Өзбекстан суу сактагычка далай жолу өз укугун билдирүүнү аракет кылып келген, анткени ал 1941-жылы Өзбек ССРи тарабынан каржыланып курулган, ал эми Кыргызстан анын ордуна өзбектерге таандык «шайкеш» келген жер тилкелерин алган.

Суу сактагычтын курулушу жарым-жартылай Өзбек ССРнин эсебинен жана калкттын 71,1 млн рублына каржыланган. Өзбекстан Совет биримдигинин бюджетинен каражат алган эмес. Суу сактагычтын тейлөөсү менен суу артериясы Өзбекстандын каражатына жүргүзүлгөн.

Президенттер дагы кандай маанилүү документтерге кол коюшту?

Президенттер Алмазбек Атамбаев менен Мирзиёев Ташкен-Андижан-Ош-Кашгар жолунда жүк ташууларды ачуу боюнча бир катар документтердин келишимине кол коюшту. Ошондой эле, жүргүнчүлөрдү таашуу жана аба каттамдары жөнүндө моморандумга кол коюлган.

«Биринчи кезекте бул биздин ташып жеткирүүчүлөргө өлкөлөрдүн аймактарында ээн-эркин жүрүп, транзиттик каттамдарды жүргүзүүгө мүмкүндүк берет. Мындан тышкары, алар Өзбекстандын аймагында төлөмдөрдөн бошотулушат», — деп түшүндүрдү президенттин аппараты.

Мамлекеттик чек аралар боюнча дагы сүйлөшүүлөр болду. Атамбаев чечилбеген чек ара көйгөйлөрү ар кандай улуттар аралык жаңжалдарга алып келиши мүмкүн деп белгиледи.

Мурдараак Өзбекстан менен Кыргызстан кыргы-өзбек чек арасынын 85 пайызын такташкан. Бирок Атамбаев сүйлөшүүлөр учурунда өзүнүн мөөнөтү бүткүчө чек аранын калган 215 чакырымын тактап бүткөрүүгө үмүт арткан.

«Эки өлкө ортосундагы бардык көйгөйлөр менен маселелерди жоюп, достукту орноткон президент катары сиз менен биргеликте тарыхта калгым келет. Менин пикириме толугу менен кошуларыңызды көрүп турам», — деди ал.

Кыргызстандын президентин шайлоо жөнүндө

Прессага билдирүүлөрдү жасоонун биринде, Мирзиёев Кыргызстандагы президенттик шайлоо жөнүндө дагы кеп кылды. Өзбек башчысы «кыргыз элине татыктуу башчыны шайлап алууну» каалады.

«Мен жолун жолдоочулук сакталышын абдан каалайт элем. Өзгөчө биздин ортобузда, Кыргызстан менен Өзбекстандын президенттери кол койгон документтер тарыхый болушун каайлам», — деп жыйынтыктады ал.

Өзбекстандын башчысы өз сөзүндө, учурда Атамбаевдин жетекчилиги астында Кыргызстанда тынчтык менен туруктуулук өкүм сүрүүдө, ал эми элдердин эртеңки күнүнө болгон ишеними бар деп белгиледи.

Атамбаевге белек

Барган күнү Мирзиёев Кыргызстандын президентине жеке өзү өзбек тилиндеги «Манас» эпосунун биринчи нускасын белек кылды.

Атамбаев мындай белек үчүн Мирзиёевге ыраазычылыгын билдирип, бул эпос ага 2010-жылы Кыргызстандын түштүгүндөгү улуттар аралык жаңжалда жардам бергенин кошумчалады.

«Бир гана кыргыз элинин эмес, түрк тилдүү элдердин уникалдуу эстелиги деп эсептелген "Манас" эпосу биздин өлкөдө абдан белгилүү. Биздин жарандар бул улуу чыгарма менен кеңири таанышуулары үчүн биз жакынкы эле күндөрдө аны алгачкы жолу өзбек тилинде басып чыгардык», — деп билдирди Өзбекстандын президенти.


ТЕМА БОЮНЧА: