Ош облусу: Терроризмге шектелгендер УКМКнын эки кызматкерин жарадар кылды

Ош облусунун Ноокат районунда антитеррористтик операциянын учурунда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин эки кызматкерин бычак менен жарадар кылышты. Күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерин ооруканага жеткиришти, алардын абалы канааттандыраарлык.

УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришкендей, 9-октябрда антитеррористтик операциянын учурунда күч органынын эки кызматкери бычактан жарадар болушкан.

Ноокат райондук аймактык оорукананын башкы дарыгери Асамидин Марипов «Азаттык» үналгысына курган маегинде УКМКнын кызматкерлеринин бири көкүрөгүнө бычак жеп, бирөөсүнүн өпкөсү тешилгенин билдирген.

Анын айтымында, жабырлануучуларга төрт сааттык операция жүргүзүлүп, алар көп кан жоготушкан. Учурда дарыгерлер алардын абалын канааттандыраарлык деп аташууда.

«Облуста "Колго түшүрүү" планы жарыяланып, эл аралык террористтик уюмдун мүчөлөрүнүн тек-жайы аныкталды. Кылмышкерлер изделип жатат», — деп билдирди УКМКнын басма сөз кызматы.

Ноокат районунун милициясы УКМКнын кызматкерлерине кол салуу фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду.


ТЕМА БОЮНЧА: