Салянованы 5 жылга эркинен ажыратышты (бирок 2029-жылдан баштап)

Бишкектин Ленин райондук соту Максим Бакиевдин адвокаты Алексей Елисеевге лицензияны узартып бергени үчүн депутат жана мурдагы башкы прокурор Аида Салянованы мүлкүн мамлекеттин эсебине чегерүү менен 5 жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарды. Бирок өкүмдүн аткарылышы Салянованын кичинекей баласы бар болгону үчүн 2029-жылга жылдырылды.

Сот өкүмдү 10-октябрда чыгарды. Аны Юстиция министри болуп турган учурунда качкын президент Курманбек Бакиевдин баласы Максимдин досу делген Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узартып бергени үчүн 5 жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарышты.

Бирок өкүмдүн аткарылышы анын жашы жете элек кызы 14 жашка чыкмайынча токтотулду. Салянова 2015-жылдын июлунда көз жарган. Ошого байланыштуу камакка алуу мөөнөтү 2029-жылы башталат.

Сот Салянованы эч жакка кетпөө кол каты менен калтырды.

Өкүм чыгараар алдында сот Кубанычбек Касымбеков Саляновага акыркы сөз берүүдөн баш тартып, анын адвокаттарына соттук териштирүүнүн жыйынтыктарын чыгарууга мүмкүндүк бербеди.

Салянованын айтымында, сот акыркы сөз бербей анын конституциялык укуктарын бузду.

«Биз сотту адвокат келгиче ишти бир саатка жылдыра турууну суранганбыз. Сот жада калса мындан да баш тартты. Ал менин бир дагы документтерим, жактоочум жок экенин көргөн. Ал адам катары бийликтин кандайдыр бир батасын алуусуна үмүт артканы үчүн бул сааттар ага маанилүү болду. Адвокаттардын жарыш сөзү, менин жарыш сөздөрүм болгон жок, жада калса акыркы сөз берилбеди. Биз маң болуп кандай болуп жаткан нерсеге реакция кылууга үлгүрбөй жаттык», — деп билдирди Салянова сот кеңешүү бөлмөсүнө кеткен учурда.

Салянова өзүнө каршы сотту «саясий», ал эми сот ишинин жыйынтыгын «буйрутма» деп эсептейт. Анын айтымында, айыптоочу тарап анын күнөөсүн далилдей алган жок.

«Мен дал ушундай рельефтүү мыйзам буйзуулар сот саясий экенин жана анын жыйынтыгы буйрулганын, өкүм буйрулган, ал эми соттун башка жолу болбогон деп ойлойм», — деди ал.

Салянованын иши

Мурдагы башкы прокурор жана «Ата мекен» оппозициячыл партиясынын депутаты Аида Саляновага каршы кылмыш ишти 2016-жылдын декабрында «Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча козгошкон.  

Тергөөнүн версиясы боюнча, ал 2010-жылы юстиция министри болуп турган кезде Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын «мыйзамсыз» узарткан. Елисеев мурдагы президент Курманбек Бакиевдин баласы Максимдин кызыкчылыктарын коргоп жүргөнү менен таанымал.

Ал эми Елисеев өзү Кыргызстанда «коммерциялык жана башка уюмдардын кызматтык укуктарынан кыянаттык кылуу» беренеси боюнча 6 жылга эркинен ажыратылган. Юрист 2010-жылкы апрелдик ыңкылапта Бакиевдердин бийлиги кулагандан кийин Кыргызстандан чыгып кеткен.

Ал эми Салянова менен анын тарапкерлери бул айыптоолорду Атамбаевдин дарегине айтылган сын пикирлер үчүн «саясий мүнөздүү» деп эсептешет.

Салянова 2015-жылдын башынан тарта эле Атамбаевди ачык сындай баштаган. Башкы прокурорлук кызматтан кетип жатып, ал анын жолдошуна Бишкектин ЖЭБине мыйзамсыз көмүр ташуу боюнча кылмыш иши козголгондон кийин бийликти кысым көрстөтүү боюнча айыптаган.

Ошондой эле 2016-жылы Салянова «Ата мекен» оппозициячыл партиясынан депутат болуп туруп президент Алмазбек Атамбаевдин баш мыйзамга түзөтүүлөрдү киргизүү боюнча сунушуна каршы чыккан.

Ошол эле жылы анын жолдошу шартту түрдө жети жылга кесилип, башкы прокуратура Елисеевдин лицензиясы боюнча Салянованын өзүнө каршы кылмыш ишин козгогон.


ТЕМА БОЮНЧА: