Вице-премьер Абдыгулов шайлоолорду өткөрүү штабын жетектей баштады

Биринчи вице-премьер-министр Толкунбек Абдыгулов президенттик шайлоолорду өткөрүү жана даярдоо боюнча штабдын жетекчилигине дайындалды. Аны бул кызматка вице-премьер-министр Темир Жумакадыров каза болгондон кийин дайындашты.

Абдыгуловду президенттик шайлолоорду өткөрүү жана даярдоо штабынын башчылыгына дайындоо боюнча жарлыкка 10-октябрда премьер-министр Сапар Исаков кол койду.

Ошондой эле, штабдын курамына өкмөттүк аппараттын башчысы Нурханбек Момуналиев жана өкмөттүк аппараттын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн  башчысы Айбек Айдарбеков кирди.

Мурдараак штабды 7-октябрда жол кырсыгынан каза болгон вице-премьер-министр Темир Жумакадыров жетектеп турган.

Жумакадыровго чейин өкмөттө шайлоолорду өткөрүүгө вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев жоопту болчу. Бирок ал бийликчил президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековго «жеке артыкчылык көрсөткөнү» үчүн бул кызматтан алынган.

Ал эми президенттик шайлоо 2017-жылдын 15-октябрында өтөт. Учурда өлкө башчылык кызмат үчүн 11 талапкер ат салышууда. Президенттик жарыштын алдыңкылары болуп мурдагы премьер-министрлер Сооронбай Жээнбеков, Өмүрбек Бабанов жана Темир Сариев эсептелет.


ТЕМА БОЮНЧА: