Ош: Милиция Бабанов үчүн добуш сатып алууга шектелгендерди кармады

Ош милициясы президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановду колдоп коюу үчүн шайлоочулардын добуштарын сатып алууга шектелген эки адамды кармады. Бабановдун штабы добуштарды сатып алуу фактысын четке кагып, милицияны ыйгарым укуктарын аша чаап пайдалануу боюнча айыптоодо.

ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, кармоо белгисиз кишилер тарабынан Бабановдун шайлоо штабынан «шектүү» коробкалар чыгарылып жатат деген маалымат түшкөндөн кийин 10-октябрда болгон.

Милициянын маалыматына ылайык, Оштун эки тургуну кармалган, алардан 185 миң сом жана тургундардын дарегине Бабановду колдогула деген өтүнүч жызылган алты коробка табылган.

Кармалгандардын бирөөсү акчалар добуштарды сатып алууга каралган экенин мойнуна алды. Ош милициясы иштин материалдарын кароо үчүн жергиликтүү сот менен аймактык участкалык комиссияга өткөрүп берди.

Бабановдун штабы ИИМдин иш-аракеттерин «кыжырды келтирген факт» жана алардын добуштарды сатып алуу боюнча айыптоолорун «кылмыштуу жалаа жабуу» деп атады.

«Бабановдун штабы шайлоочулардын добуштарын сатып алуу менен алектенген эмес жана алектенбейт дагы. Бул жайгдайлар биздин талапкерге карата жасалган кезектеги уюшулган чагым», — деп айтылган билдирүүдө.

Штабда алардын кызматкерлери менен машина «негизсиз токтотулуп, текшерүү мыйзамсыз жүргүзүлгөн» деп эсептешет.

Штабдын версиясы боюнча, коробкада Борбордук шайлоо комиссиясы ырастаган матиериалдар болгон.

«Машинанын салонунда болгон айдоочу менен үгүтчүгө кысым көрсөтүлгөн, ошондон кийин алар жалган көрсөтмө беришкен. Үгүт материалдарын ташууда эч бир мыйзамсыз нерсе жок. Адамдардын жанында болгон акча — мыйзамсыз деп эсептелбейт», — деп айтылган штабдын билдирүүсүндө.

Бабановдун республикалык штабы ИИМдин кызматкерлери ыйгарым укуктарын аша чаап пайдаланганы үчүн жана кызматтык абалдарынан кыянаттык менен пайдалангандары боюнча башкы прокуратурага арыз жөнөттү.

Добуштарды сатып алуу иштери

Бул Бабановдун үгүтчүлөрүн добуштарды сатып алуу боюнча биринчи жолу айыптап жаткан учур эмес. Ош шаардык соту 3-октябрда Бабановдун штабы тарабынан добуштарды сатып алуу боюнча козголгон кылмыш ишти кароону шектүүлөрдүн күнөөсү «далилденгенине» карабастан токтоткон.

Ишти кароону тараптардын элдешкенине байланыштуу тототушкан. Буга чейин Ош шаардык соту 18-сентябрда жергиликтүү тургундун арызына ылайык кылмыш ишин козгогон, ага 2 миң сомго Бабановго добуш берүүнү сунушташкан.

Бабановдун шайлоо алдындагы штабы бул ишти «кезектеги чагым жана административдик ресурс колдонуунун формаларынын бири» деп атаган.

Бишкектин Октябрь райондук соту Бабановдун штабынын өкүлдөрү тарабынан добуштарды сатып алуу фактысы боюнча башка кылмыш ишин карап жатат.

Бишкектин тургуну аны сатып алгысы келишкенин айтып милицияга арыз жазган. Арыз жазган адам далил катары Бабановдун штабынын координаторлору менен болгон сүйлөөшүнүн видеосун көрсөткөн, алар добуштарды сатып алуунун планын талкуулашкан.

Башпрокуратуранын маалыматына ылайык, видеодо 30-35 жаштагы аялдар Асанбай кичи районундагы кошумча участокто Бабанов үчүн добуш бере турган шайлоочулардын добуштарын №2 формасы аркылуу сатып алуу жолун түшүндүрүшөт. Бул ишке президенттикке талапкердин штабы комментарий берген эмес.

Кылмыш жаза кодексинин «Добуштарды сатып алуу» беренеси 100 миң сомдон 300 миң сомго чейин штрафты же 1 жылдан 3 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасын шарттайт.

Өмүрбек Бабанов — бийликчил президенттик кызматка талапкер Сооронбай Жээнбековдун эң башкы атаандашы.

Үстүбүздөгү жылдын 15-октябрында өтө турган президенттик шайлоого 11 талапкер ат салышууда.


ТЕМА БОЮНЧА: