Өкмөт Liglass Trading менен болгон келишимди бир тараптуу жокко чыгарды

Премьер-министр Сапар Исаков чехиялык Liglass Trading менен болгон келишимди бузуу боюнча токтомго кол койду. Өкмөт фирманын инвестициялык талаш-тартышты чечүүнү сунуштаганына карабастан келишимди бузду.

Өкмөттүн басма сөз кызматы Liglass Trading менен келишим 10-октябрда жокко чыгарылганын билдирди.

Кыргызстандын бийлиги чехиялык компания менен келишимди бир тараптуу бузду.

Өкмөт Liglass Trading менен сүйлөшүүлөр уланып жатат деген айрым ЖМКлардын билдирүүлөрүн четке какты.

Басма сөз кызматтан билдиришкендей, акыркы жолу чех тарап менен жолугушуу Liglass Tradingдин жетекчилигин өтүнүчү менен 5-октябрда өткөн.

«Жолугушуунун жүрүшүндө компаниянын өкүлдөрүнө чех тарап менен гидроэлектростанцияларды куруу боюнча келишимдин милдеттери аткарылбаганына байланыштуу кыргыз тарап инвестициялык келишимди бир таптуу жокко чыгараарын айткан», — деп айтылат билдирүүдө.

Liglass Trading менен болгон чыр

Чехиялык Liglass Trading компаниясы 2017-жылдын июлунда Жогорку Нарын ГЭСи менен 10 чакан гидроэлекстростанция куруу боюнча тендерди жеңип алган.

Кийинчерээк чехиялык журналисттер компаниянын гидроэнергетикада тажрыйбасы жок жана чыгашалуу деп жазышкан.

Мурдараак Жогорку Нарын ГЭС каскаддарынын курулушун орусиялык «РусГидро» компаниясы жүргүзүшү керек болчу. Бирок Кыргызстандын өкмөтү 2015-жылы келишимди бузган. Президент Алмазбек Атамбаевдин айтымында, ага Орусиянын экономикасы «төмөндөп» жатканы себеп болгон.

Буга жооп катары «РусГидро» келишим бир жактуу жокко чыгарылганы үчүн 37 млн доллар кун төлөп берүүнү талап кылган. Liglass Trading бул каражатты кыргыз өкмөтүнүн ордуна төлөп берүүнү убада кылган, бирок ал өз мөөнөтүндө акчаны которгон эмес.

Компаниянын жетекчиси Михал Смеликтин айтымында, Liglass Trading «РусГидрого» карызды Кыргызстандын өкмөтү алардын алдындагы өз милдеттерин аткарбаганы үчүн төлөп берген эмес.


ТЕМА БОЮНЧА: