Чехиялык Liglass Trading компаниясынын жетекчилиги Кыргызстанды эл аралык арбитраж сотуна берүүнү пландап жатат. Михал Смелик өзүнүн билдирүүсүндө Кыргызстандын өкмөтүнүн Жогорку Нарын ГЭСтерин куруу боюнча келишимди бир тараптуу жокко чыгырышы эмне үчүн «негизсиз» экенин түшүндүрдү.

Чехиялык Liglass Trading компаниясынын башчысы Михал Смелик билдиргендей, фирма Кыргызстан бир тараптуу келишимди жокко чыгаргыны үчүн эл аралык арбитраж сотуна кайрыла алат.

Смелик келишимде жазылган милдеттенмелерди кыргыз өкмөтү өзү аткарган жок деп эсептейт. Чех тарап билдиргендей, Кыргызстандын өкмөтү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнүн ордуна келишимди «негизсиз» жокко чыгарган.

Liglass Tradingдин кандай дооматтары бар?

Liglass Tradingдин башчысы Михал Смелик.

Чех компаниясынын жетекчилиги эмне үчүн 37 млн долларды төлөбөгөнүн түшүндүрдү. Бул каражаттар Жогорку Нарын ГЭСин куруу менен алектенген Кыргызстандын орусиялык «РусГидро» компаниясынын алдындагы карызын жабууга жумшалмак.

  • Өкмөт 1 млн доллардан ашык кепилдик төлөмүн кайтарып берген жок

Смелик билдиргендей, Кыргызстандын өкмөтү келишимге ылайык 1 млн 147 миң доллар кепилдик төлөмдү 11-августка кейин кайтарып бериши керек болчу.

«Бирок кыргыз тарап маалымат каражаттарынын кысымына кабылып, өзүнүн иш-аракеттерин кошумча түшүндүрбөстөн эле азыркы күнгө чейин кепилдик төлөмүн кайтара элек», — деп айтылган билдирүүдө.

  • Өкмөт Liglass «Жогорку Нарын ГЭСинин» 50% акциясын өткөрүп берген жок

Компаниянын билдиргенине ылайык, карызды төлөгөндөн кийин өкмөт аларга мурдагы орусиялык инвестор «РусГидронун» «Жогорку Нарын ГЭСинин» 50% акциясын өткөрүп бериши керек болчу.

Liglass Trading Кыргызстан бул нерсе «РусГидро» менен бир тараптуу жокко чыгарылган келишимдин негизине ылайык болоорун айтпай туруп, аларды жаңылыштыкка алып келген деп билдирүүдө.

«"РусГидро" эл аралык арбитраж менен коркутуп бир нече жолу "Жогорку Нарын ГЭС" компаниясынын 50% акциясын өткөрүп берүүнү жана Кыргызстандын өкмөтү менен мурдагы келишимди бузууну коркунучка салган. Бир дагы түзүк ойлонгон ишкер мындай олуттуу коркунучту тоготпой коё албайт», — деп жазат Смелик.

  • Кыргызстандагы саясий туруксуздук

Ошондой эле Смелик Liglass Trading өзү компаниянын «ишин тымызын үзгүлтүккө учуратууга» аракет жасаган активисттер менен ЖМКлардын кысымына кабылып калганын кошумчалады.

Компаниянын жетекчилиги айыптоолорду «өздөрүнүн инвестициясына коркунуч жаратуу» катары кабыл алган жана Смелик бул нерсе кыргыз тараптын айынан болду деп эсептейт.

«Кыргыз тарап купуя маалыматтын чыгып кетишине, мисалы Liglass Trading компаниясынын банк өнөктөштөрү тууралуу маалыматка тоскоол болду. Алар чындыкка дал келбеген айыптоолордун басымы астында же болбосо өз бедели туурасында туура эмес маалымат тарап кетет деп кооптонуп Liglass Trading компаниясы менен кызматташуудан баш тартышты», — деп жазат фирманын башчысы.

Компаниядагылар журналисттер менен жарандык активисттердин иш-аракеттерин «үчүнчү тараптардын иш-аракеттери» деп аташты. Аларга карата кыргыз тарап эч кандай реакция көрсөткөн эмес. Бул долбоордун терс натыйжаланышына алып келген.

Liglass эл аралык арбитраж сотуна бере алабы?

Liglass Tradingдин башчысы чех ЖМКларына эл аралык арбитраж сотуна кайрылабыз деп комментарий берген, анткени өкмөт келишимдеги өзүнүн милдеттенмелерин аткарган эмес.

Бирок Өнөр жай, энергетика мамлекеттик комитетинин төрагасы Улан Рыскуловдун айтымында, келишимге ылайык Liglass боюнча бардык талаштар Кыргызстандын сотунда чечилет.

«Келишим боюнча, бардык соттук талаштар Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык өтөт, тагыраак айтканда, Кыргызстандын сотторуна кайрылуулары керек болот. Ал жакта так жазылган. Эл аралык арбитраж жок», — деди ал.

Вице премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев «Кабар» маалымат агенттигине курган маегинде, өкмөт Liglass Tradingге кепилдик төлөмүн кайтарбай турганын айткан.

Вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев.

Бирок «Прецедент» юридикалык компаниясынын башчысы Фатима Якупбаева Kloop.kgнин журналистине Liglass эл аралык арбитражга кайрыла ала турганын айткан. Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, эгерде инвестор менен өкмөт үч айдын аралыгында инвестициялык талашты чече алышпаса, инвестор эл аралык арбитраж сотуна кайрылууга укугу бар.

«Келишимде жалпы норма бар, арбитраж боюнча эскертме жок. Бирок, мен Liglass эл аралык арбитраж сотуна кайрылышы мүмкүн деп ойлойм», — деди Якупбаева.

«Төлөөгө жөндөмсүз»

Liglass Trading 19-сентябрга чейин Жогорку Нарын ГЭСинин карызын төлөшү керек болчу. Бирок 18-сентябрда Бишкекте өткөн маалымат жыйында Смелик өкмөттөн каражаттын төлөө мөөнөтүн узартууну суранган.

Анын айтымында, алар өкмөт менен сүйлөшүүнү 18-сентябрга белгилешкен, бирок ошол эле күнү кечинде премьер-министр Сапар Исаков Liglass Trading менен болгон келишимди бир тараптуу жокко чыгарууну буйруган.

Фирма Жогорку Нарын ГЭС каскаддары менен 10 чакан гидроэлектростанция куруу боюнча жарыяланган тендерди июль айынын башында жеңип алган. Кийинчерээк чех басылмалары компаниянын Кыргызстанда ГЭС курууга каражаттары менен тажрыйбасы жок деп жызып чыгышкан.

Чех басылмалары эң эле күмөндүү факт деп Liglass Trading компаниясынын расмий түрдө кароосуз калган имаратта катталганын, эч качан гидроэнергетика менен алектенбегенин жана өз эсебинде керектүү каражат жок экенин, ошондой эле 2014-жылы чыгашалуу болгонун жазып чыккан.

Кыргызстандын бийлиги сын пикирлерге көңүл буруп, чех компаниясынын алдына Жогорку Нарын ГЭСинин мурунку «Русгидро» энчилеш компаниясына болгон карызды жабууну шарт кылып койгон.

Карызды жабуудагы 37 млн доллар Liglass Trading компаниясынын төлөөгө жөндөмү бар экенине кепил болмок.

Ал эми Смелик компаниянын эсебинде 400 млн еврого жакын акча бар деп билдирген.


ТЕМА БОЮНЧА: