Орусия: Челябинсктин жанында жол кырсыктан жети кыргызстандык жабыркады

Челябинск шаарынын айлампа жолунда «Хонда» үлгүсүндөгү минивен жолдун каршылаш тилкесине чыгып кетип, «Исузу» үлгүсүндөгү оор жүк ташыган машинаны сүзгөн. «Хондадагы» Кыргызстандын жети жараны жабыркаган.

Жол кырсыгы 10-октябрда таңкы саат 6:30 Челябинск шаарынан алыс эмес жердеги Полетаево-2 айлынынын аймагындагы айлампа жолдо болгон.

«Челябинск.74.Ру» маалыматтык порталы билдиргендей, «Хонданын» айдоочусу жолдун каршылаш тилкесине чыгып кетип, оор жүк ташыган унааны сүзгөн.

«"Хонданын" айдоочусу такталбаган жагдайлардан улам жол кыймылынын каршылаш тарабына чыгып кетип, "Исузу" үлгүсүндөгү оор жүк ташыган унааны сүзгөн», — деп билдирди Челябинск облусу боюнча Маминспекциясынын инспектору Александр Курынкин.

Челябинск облусу боюнча Маминспекциясынын маалыматына ылайык, жол кырсыгынан сегиз адам жабыркаган — минивэндин 7 жүргүнчүсү менен оор жүк ташыган унаанын айдоочусу.

Оор жаракаттарды алган жүргүнчүлөрдү облустук ал эми калгандарын шаардык ооруканага алып кетишти.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги 7 адам ооруканага жаткырылганын тастыктап, жабыр тарткандардын тек-жайын аныктап жатканын билдирди.


ТЕМА БОЮНЧА: