«Бийликти басып алууну даярдоо» иши боюнча кармалган адам Бабановго каршы көрсөтмө берди

«Бийликти күч менен басып алуу» иши боюнча кармалган Деңиз Раимкулов президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов эгерде шайлоодон утулуп кала турган болсо башаламандыктарды каржылоого даярданып жатканын билдирди. Талапкердин штабы Раимкуловдун сөздөрун четке кагып, бийлик Бабановду каралоого аракет кылып жатканын билдирди.

Раимкулов — Өмүрбек Бабановду колдоп жаткан депутат Канат Исаев менен бир иш боюнча кармалган. Ал Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитенин тергөөчүлөрүнө өз көрсөтмөсүн берди. Раимкуловдун көрсөтмөлөрү видеого тартылып, 12-октябрда божомолдуу атайын кызмат тарабынан жарыяланган.

Кармалган адамдын айтымында, Исаев Бабановдон эгерде 15-октябрда өтө турган шайлоодо президенттикке талапкер утулуп кала турган болсо «төңкөрүш» уюштуруу үчүн акча алган.

«Менин түшүнүгүм боюнча булардын негизги таянычы акча. Төңкөрүш дагы акчанын жардамы менен болот. Исаев мага анын (Өмүрбек Бабановдун — ред. эскертүүсү) сөздөрүн айтып берди: "Эгерде башкалар 1000 берсе, биз 5000 миң беребиз, 4000 миң берсе — биз 5000 миң беребиз дегендерин". Короче биз токтобойбуз деди. Ал мага Бабанов ага акча бергенин жана өзүң пайдалан, башкысы — мага результат керек экен дегенин жана алар утулуп жөн эле жатып калбастарын айткан», — деди Раимкулов видеодо.

Бабановдун ыйгарым укуктуу өкүлү Эрик Ирискулбеков Kloop.kgге курган маегинде, Раимкуловдун сөздөрү «таптакыр чындыкка дал келбейт» деп билдирди.

«Бул факттар тергөө тарабынан аныкталган жок, бул маалыматтарды тастыктаган өкүм жок. Биз бул кандай максатта жасалып жатканын билебиз, бир эле максат — биздин талапкерди каралоо, калктын алдында анын беделин түшүрүү», — деди ал.

УКМКнын кызматкерлери 30-сентябрда депутат Канат Исаевди «бийликти күч менен басып алууну даярдоого» шектеп кармаган. Кийинчерээк ушул эле иш боюнча өтүп жаткан дагы бир нече адам кармалган.

Тергөөнүн версиясы боюнча, кармалгандар президенттик шайлоодон кийин митингге чыга турган акциянын катышуучуларын өз катарына үгүттөшмөк. Атайын кызматтардын маалыматтарына ылайык, эгерде 15-октябрдагы президеттик шайлоодо Бабанов утулуп кала турган болсо башаламандыктар чыгып кетмек.

Ал эми Бабанов өзү, Исаевди аны президенттикке талапкер катары колдоп жатканы үчүн кармашканын билдирген. Бабановдун пикиринде, аны президенттик жарышта биринчиликте келе жатканы үчүн каралоого аракеттенишүүдө.

Өмүрбек Бабанов — келерки 15-октябрда өтө турган шайлоодо бийликчил партиянын президенттикке талапкери Сооронбай Жээнбековдун башкы атаандаштарынын бири.

Үстүбүздөгү жылдын 15-октябрында өтө турган президенттик шайлоого 12 адам ат салышууда.

Авторлошу: Ислам Розиев


ТЕМА БОЮНЧА: