Темир Жумакадыровдун өлүмү: КамАЗдын айдоочусу күнөөлүү деп табылды

Патрулдук милиция башкы башкармалыгы билдиргендей, вице-премьер-министр Темир Жумакадыров менен анын эки жардамчысы каза тапкан жол кырсыгына КамАЗдын айдоочусунун унааны башкара албай калып, жолдун каршылаш тилкесине чыгып кеткени себеп болгон.

Патрулдук милиция билдиргендей, жүргүзүлгөн экспертизанын жыйынтыгы Жумакадыров менен анын эки жардамчысынын өмүрүн алган жол кырсыгына КамАЗдын айдоочусунун унааны башкара албай калып, жолдун каршылаш тилкесине чыгып кеткени себеп болгонун көрсөткөн.

Аны тергөө учурунда эки айга тергөө изоляторуна камашкан. Ошондой эле, патрулдук милиция жол кырсыгына мүмкүн күбө болгондор үчүн жарыя тараткан — алардын маалыматтары жол кырсыгынын тагыраак себептерин аныктоого жардам бериши мүмкүн.

Жол кырсыгына Чүй облусунун 25 жаштагы тургуну күнөөкөр болгон. Ага каршы «Бир нече адамдын өлүмүнө алып келген жол коопсуздук кыймылынын эрежелерин бузуу» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Кыргызстандын Кылмыш жасоо мыйзамдарына ылайык, ал үч жылдан жети жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Жумакадыровдун өлүмү

Вице-премьер-министр Темир Жумакадыров менен эки жардамчысы 7-октябрь күнү эртең менен Бишкек — Кара-Балта жолунда жол кырсыгынан каза болгон. Жумакадыров шайлоо участкалырын текшерүү үчүн Талас облусуна бара жаткан.

Жумакадыровду 9-сентябрда акыркы сапарга узатышты. Маркум менен коштошууга бир тууган жакындарынан тышкары президент Алмазбек Атамбаев, парламенттин спикери Чыныбай Турсунбеков, премьер-министр Сапар Исаков жана башка аткаминерлер катышышты.


ТЕМА БОЮНЧА: