Атамбаев «улуттар аралык чыр-чатак» кылган чагымчылдарды түрмө менен коркутту

Президент Алмазбек Атамбаев Оштогу жолугуулар учурунда «кезектеги саясатчы сөрөйлөрдүн» чагымдарына алдырбоого чакырып, улуттар аралык уруштарды чыгаруу аракети үчүн түрмө менен коркутту.

Атамбаев өз сөздөрүн 12-октябрда Ошто ФИФАнын футбол академиясын ачуу учурунда айтты. Ал «чагымчылдарды өз ордуна отургузуу» менен коркутуп, улуттар аралык уруштарды чыгарууга аракет кылгандарды түрмөгө отургузаарын билдирди.

«Келгиле чагымчыларды алдын ала ордуларына коёлу. Биз 10 адамды отургуздук, дагы отургузабыз, бирок силер дагы ынтымакты сактагыла», — деди президент, бийлик «Интернетте чакырыктарды» жасаган адамдарды түрмөгө отургуза баштаганын кошумчалап.  

Ошондой эле, Атамбаев «кезектеги саясатчы сөрөйлөр» тарабынан болуп жаткан чагымдарга алдырбоого чакырды.

«Мен кезектеги саясатчы сөрөй жеке кызыкчылыгы үчүн чагымчылдык нерселерди көтөрүп жаткандыгын жүрөгүм сыздап карап турдум. “Кыргызстанда эч ким тизелеп жашабайт. Эч ким! Жашабайт дагы!» - деди президент.

Атамбаев өзүнүн бул сөздөрүндө шайлоодо бийликчил президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековдун негизги атаандашы Өмүрбек Бабанов жөнүндө айткысы келсе керек.

Мурдараак Бабанов Оштун «Он-Адыр» кичи районундагы шайлоочулардын алдында «чөгөлөп тургуча өйдө туруп өлгөн жакшы» деп айтып, эгерде жеңип калса «өзбектерге кысым кылган» милиционерлерди кызматтан алам деп коркуткан.  

Бул сөздөр чыр-чатактын чыгуусуна түрткү болгон. «Улуттар аралык кастыкты козутууга чакыруу» жана «бийликтин өкүлдөрүнө баш ийбөөгө чакыруу» үчүн талапкерге каршы 19 арыз берилген.  

Боршайком арыздарды караштыра баштаган, натыйжада талапкерге эскертүү чыгарган, бирок аны президенттик жарыштан четтетүүгө барган эмес.

Ал эми Бабановдун штабы саясатчынын сөздөрү бурмаланган деп билдирген.

Президенттик шайлоо 2017-жылдын 15-октябрында өтөт. Өлкө башчылык кызмат үчүн 11 талапкер ат салышууда.


ТЕМА БОЮНЧА: