Атамбаев «массалык башаламдыктар» коркунучунан улам Сочиге барбайт

Президент Алмазбек Атамбаев 10-11-октябрга белгиленген Көзкарандысыз мамлекеттердин шериктештиги (КМШ) менен Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин Сочи шаарындагы жыйынына баруусун токтотту. Өлкө башчысы президенттик шайлоого бир жума калганда өлкөдөгү «коопсуздук менен тартиптипти жеке көзөмөлдөш» үчүн Кыргызстанда калууну чечти.

Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, өлкө башчысы «шайлоо күнү массалык башаламдыктарды уюштуруу фактылары аныкталганына» байланыштуу өлкөдө калууну чечти.

«Шайлоо күнү айрым саясатчылар кылмыш дүйнөсүн колдонуп, чет мамлекеттердеги саясатчылардын каржылоосу менен массалык башаламандык чыгарууга даярдык көрүп жатышканы тууралуу аныкталган фактыларды эске алып, президент өлкөдөгү тартипти жана коопсуздукту жеке көзөмөлүнө алуу үчүн пландалган иш сапарынан баш тартты», — деп айтылат басма сөз кызматтын билдирүүсүндө.

Президенттин тапшырмасы менен КМШ менен Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин өкмөт башчыларынын жолугушуусуна арналган иш-чараларга катышуу үчүн атайын топ түзүлдү. Кыргыз делегациясын премьер-министр Сапар Исаков баштап барат.

Массалык башаламандыктарды уюштурууга шектеп кармоолор

УКМК саясатчы Исаевди 30-сентябрда кармап, ага каршы «бийликти күч менен басып алууга» даярдануу үчүн кылмыш иши козголгон.

Тергөөнүн версиясы боюнча, Исаев менен анын «шериктери» президенттик шайлоонун «жыйынтыктары бурмаланышы» үчүн каршылыкка чыга турган адамдарды өз катарларына үгүттөшмөк.

Атайын кызматтардын маалыматтарына ылайык, эгерде 15-октябрдагы президеттик шайлоодо Бабанов утулуп кала турган болсо башаламандыктар ишке ашмак.

Ал эми Исаев өз күнөөсүн четке кагууда. Ал эми Бабанов өзүнүн маалымат жыйынында Исаевди анын тарапташы болгону үчүн кармашканын билдирген.

Атайын кызмат Бабановдун Исаевдин кармалышы боюнча айткандарын тергөө менен коомдун пикирин «саясий нукка» буруп кетүү аракети деп атаган.

Талапкерлерди чет өлкөдөн колдоо

Атамбаев 7-октябрда мугалимдердин алдында сүйлөп жатып президенттикке талапкерлер Өмүрбек Бабанов менен Темир Сариевди Казакстанга болгон сапарлары үчүн сынга алган.

Буга чейин интернетте Темир Сариев жана казакстандык олигарх Булат Утемуратов Алматыда жолугушууну сүйлөшүшүп жатышканы жазылган аудио жазма жарыяланган. Бирок саясатчынын штабынан Сариев менен Утемуратовдун ортосундагы маектешүүдө эч кандай «жашыруун саясий сыр жок» экенин билдиришкен.

Ал эми Өмүрбек Бабановдун Казакстанга барып өлкөнүн президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушуусу дагы Атамбаевдин көңүлүнүн тышында калган жок.

Кыргызстандын ТИМи жолугушууну «Кыргызстандын шайлоосунун жүрүшүнүн жыйынтыктарына таасир этүү аракети» деп баалап казак кесиптештерине нааразылык нотасын тапшырган. Ал эми Казакстандын ТИМи Бабанов менен Назарбаевдин жолугушуусун «эл аралык тажрыйбага туура келет» деп атаган.

Президенттик кызматка негизги талапкерлер деп Атамбаев колдоо көрсөтүп жаткан бийликчил талапкер Сооронбай Жээнбеков жана анын башкы атаандашы Өмүрбек Бабанов эсептелет.

Президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт. Жогорку бийлик кызматы үчүн 11 талапкер ат салышууда.


ТЕМА БОЮНЧА: