Депутат Шыкмаматовдун иши боюнча сот 20-октябрга чейин жылдырылды

Адвокаттардын өтүнүчтөрү боюнча «Ата Мекен» фракиясынын башчысы Алмамбет Шыкмаматовдун соттук иши 16-октябрдан 20-октябрга жылдырылды. Депутат 2011-жылы кызматтык унааларды сатып алууда «жасалма келишим» түзгөн деп айыпталууда.

Биринчи май райондук сот 16-октябрда парламенттин депутаты Алмамбет Шыкмаматовдун иши боюнча соттук жыйын өткөзүшү керек болчу. Мурдараак ага «коррупция» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Бирок сот Айбек Эрнис уулунун катчылыган билдиришкендей, адвокаттардын бирөөсү соттук жыйынды жылдырууну суранган. Бул өтүнүч боюнча уктуруу 20-октябрга жылдырылды.

Алмамбет Шыкмаматовдун иши

Депутат Алмамбет Шыкмаматовго каршы 2017-жылдын 17-февралында «Кызматтык бурмалоо» жана «Коррупция» беренелери боюнча кылмыш иши козголгон. Кийинчерээк айыптоочу тарап сотто «коррупция» жана «коррупцияга кошо катышуу» беренелерин кармана баштаган.

УКМКнын тергөөчүлөрүнүн версиясы боюнча, Шыкмаматов 2011-жылы Эсептөө палатасына автоунааларды сатып алууга көз салган тендердик комиссиянын курамында болуп, «Барат Люкс» компаниясынын жеңишин жасалма камсыз кылып берген.

Тергөөчүлөрдүн айтымында, Шыкмаматов тендердик өтүнмөгө өз аялынын автоунаасын да киргизип, аны 14500 долларга саткан, автоунаа болсо орто эсеп менен 10 миң доллар турат.

Алмамбет Шыкмаматов — учурдагы президент Алмазбек Атамбаевди сынга алган «Ата Мекен» фракциясындагы оппозициячыл үч саясатчынын бири.

Партиянын башчысы Өмүрбек Текебаевге жана мурдагы башкы прокурор Аида Саляновага каршы да кылмыш иши козголгон.

Ал эми учурда Текебаев «коррупция» беренеси боюнча төрт жылга эркинен ажыратылып, соттолгон.

Соттун версиясы боюнча, Текебаев орусиялык ишкер Леонид Маевскийге «Мегаком» уюк операторун башкарууга жол ачып бериш үчүн андан 2010-жылы бир миллион доллар пара алган.

Бишкектин Ленин райондук соту Максим Бакиевдин адвокаты Алексей Елисеевге лицензияны узартып бергени үчүн депутат жана мурдагы башкы прокурор Аида Салянованы мүлкүн мамлекеттин эсебине чегерүү менен 5 жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган.

Мындан тышкары атайын кызматтар Текебаевди, Шыкмаматовду жана Салянованы «Мегаком» уюк операторунун акцияларын сатууга кызыкчылыгы болгон деп да шек санап жатышат.

Ал эми оппозициячыл саясатчылар күнөөлүү эмес экендерин жана аларга каршы кылмыш иштер «саясий жүйөөлөнгөн» деп билдиришүүдө, анткени алар президенттин Конституцияга түзөтүүлөрдү киргизүү сунушунун эң эле ачык сынчылары болушкан.

Реферундум 11-декабрда өтүп, Башмыйзамдын түзөтүүлөрү кабыл алынган.


ТЕМА БОЮНЧА: