Чек ара кызматы: Кыргыз-казак чек арасында авто тыгындар менен кезек күтүүлөр сакталууда

Кыргыз-казак чек арасынын үч көзөмөл-өткөрмө бекеттеринде кезек күтүүлөр сакталууда, ошондой эле, аларда машиналар менен оор жүк унаалары турушат. Чек ара кызматынын маалыматына ылайык, казак тарап азыркы чейин «күчөтүлгөн тартипте» иш алып барууда.

Чек ара кызматынан Kloop.kgнин кабарчысына билдиришкендей, чоң тыгындар менен кезек күтүүлөр «Ак-Жол» (Кордай), «Чоң-Капка» жана «Ак-Тилек» көзөмөл-өткөрмө бекеттеринде сакталууда.   

«16-октябрь күнү кечинде "Ак-Жол" бекетинде 500дөн ашык адам кезек күтүп турган, бирок аларды кечинде ылдамыраак өткөрө башташкан. Казак тарап бул нерсени мурдагыдай эле иштин күчөтүлгөн тартиби менен түшүндүрүүдө», — деп билдиришти басма сөз кызматтан.

«Ак-Жол» бекетинде 17-октябрь күнү эртең менен 150 адамдын кезек күтүп турганы катталган. Басма сөз кызматтын айтымында, кечинде адамдардын көбөйүшү күтүүлүүдө.

Ал эми «Ак-Тилек» менен «Чоң-Капка» бекеттеринде авто тыгындар бар. Чек ара кызматынын маалыматына ылайык, бул бекеттерде 130дан ашуун оор жүк унаалары менен 30дай жеңил машина турат.  

Чек арадагы тыгындар менен кезек күтүүлөр

Кыргыз казак чек арасындагы абалдын бузулушу 10-октябрда башталып, дипломатиялык чырдын чыгышы менен коштолгон.

Кыргыз президенти казак бийлигин «Кыргызстандын кулатылган президенти [Курманбек] Бакиевди жакшы көргөндүгүнө» жана алар өлкөнүн «байлыктарын уурдап» жаткандыгына айыптаган.

Казакстан Кыргызстанга каршылык нотасын жөнөтүп, ошондон кийин чек арачылар күчөтүлгөн тартипте иш алып барууга өтүшкөн. Казакстандын бийлиги чек арадагы күчөтүлгөн тартипти террориттер менен кылмышкерлерди колгоо түшүүрүү боюнча «пландык операция» менен түшүндүрүшкөн.

Ошондой эле, Казакстандын бийлиги чек арада ветеринардык көзөмөлдүн күчөтүлгөнүн жарыялашкан. Кыргызстандын сүт азыктарын өндүргөн беш компаниясына Казакстанга өндүрүм киргизүүгө тыюу салышкан.

Кыргызстандын эконогмика министрлиги казак тараптын аракеттерин ЕАЭБдин нормаларына «каршы келип», өндүрүмдөрдүн эркин жүрүшүн «чектейт» деп эсептейт.

Атамбаев 15-октябрда эгерде чек арадагы абал өзгөрбөй турган болсо ЕАЭБ өлкөлөрүнүн президенттерин чукул кеңешмеге чакыраарын билдирген.


ТЕМА БОЮНЧА: