Премьер-министр Сапар Исаков 18-октябрда Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы мамилелер оорлошуп кеткен шартта Астанага иш сапары менен барат. Азырынча Исаковдун ким менен жолугушуп, эмнени талкуулай тургандыгы белгисиз.
Исаковдун Астанага сапары боюнча эки мамлекеттин өкмөт башчылары 17-октябрдагы телефондук сүйлөшүүлөрүнүн жүрүшүндө келишишкен.
Азырынча Исаков Астанада кайсыл маселелерди талкуулай турганы белгисиз, бирок анын сапары эки мамлекеттин ортосундагы мамилелер оорлошуп бараткан шартта болот.
Исаков Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев алардын Евразия экономикалык биримдигинин 11-октябрда Сочиде болгон саммитиндеги сүйлөшүүлөрүнөн кийин чек арадагы кезек күтүүлөр маселесин чече турганын билдирген.
Бирок андан соң казак өкмөтү Назарбаев Исаков менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзбөгөнүн жана Казакстандын башчысы чек арадагы маселелерди чечүү боюнча эч кандай тапшырмаларды бербегени тууралуу маалымат тараткан.
Кыргыз өкмөтү Исаковдун Назарбаев менен кыска сүйлөшүүсү болгонун жана Казакстандын башчысы «түшүнүү менен мамиле кылып, бардык жаралган маселелерди чечүү боюнча тийиштүү тапшырма бере турганын белгилегенин» айткан.
Чек арадагы кырдаал
Казакстандын чек арачылары 10-октябрда кыргыз-казак чек арасында күчөтүлгөн тартипте иш алып барууга өтүшкөн. Кыргызстандан коңшу өлкөгө бараткан адамдарды дыкат текшерүүлөрдүн айынан чек арада чоң кезек күтүүлөр жарала баштаган.
Ошондой эле казак тарап Кыргызстандын сүт азыктарын өндүргөн беш компаниясына өндүрүмдөрдү киргизүүгө тыюу салган, ал эми чек арада тез бузула турган азыктарды ташыган оор жүк унааларынын километрлеп созулган тыгындары пайда болгон.
Казак чек арачылары өздөрүнүн иш аракеттерин террористтер менен кылмышкерлерди колго түшүрүү үчүн жана фитосанитардык эрежелерди бузгандарды издөө бөюнча «пландык операция» менен түшүндурүшкөн.
Кыргызстандын өкмөтү 17-октябрда Казакстан мындай жол менен тарифтер жана соода-сатыктар боюнча келишимдин «негизги» нормаларын бузууда деп эсептеп, Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна кайрылган.
Ошондой эле, Экономика министрлиги дагы казак тараптын чек арадагы аракеттери ЕАЭБдин принциптерине карама-каршы келет деп белгилеген.
Казакстандын бийлиги өз кезегинде Кыргызстанды чек арадагы көйгөйдү «саясатташтырбоого» чакырып, алар «өздөрүнүн кызыкчылыктарын коргоп» жатышканын билдиришкен.
Дипломатиялык чыр
Атамбаев 7-октябрда мугалимдердин алдында сүйлөп жатып казакстандын бийлигин «Бакиевди жакшы көрөт» жана аларды өз өлкөсүнүн «байлыктарын уурдап» жатат деп айыптагандан кийин чек арадагы кырдаал оорлошо баштаган.
Анын сөздөрү президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун үгүт кампаниясы учурунда Назарбаев менен болгон жолугушуусуна реакция билдирүү болуп калган.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги казак бийлигин 15-октябрда өткөн президенттик шайлоолордун «өнөктүгүнө кийлигишүү» боюнча айыптаган.
Атамбаевдин билдирүүлөрүнө Казакстан тараптан бир нече реакциялар болгон. Кыргыз президентин казак премьер-министри, ТИМи жана Казакстандын социалдык өнүүгү министри айыптап чыккан.
Казакстандын премьер-министри Бакытжан Сагынтаев Атамбаевдин сөздөрүн «чагымчыл, жоопкерчиликсиз жана жалган» деп атаган. Анын оюнча, президент «шайлоо алдындагы максаттар боюнча» жалган билдирүү айткан.
Казакстандын ТИМи Атамбаевдин сөздөрүнө «чечкиндүү каршылык» билдирип, мындай билдирүүлөр эки дос өлкөнүн ортосунда «болбошу» керек деп эсептеген.
Атамбаев 18-октябрда Казакстандын бийлигин эмоционалдуу сындаганы туура эмес болуп калганын мойнуна алган.
«Мен Казакстандын президенти жөнүндө эмоционалдуу сүйлөп, туура эмес кылсам керек. Мен бул күндөрү ушул жөнүндө ойлондум. Казакстандын президенти өзүнүн айланасындагыларга ишенет. Айланасындагылар — булар олигархтар. Ал дагы мендей ишенчээк окшойт», — деген Атамбаев.