Талас: «Сапаттын» 11 окуучусу уулануу менен ооруканага түшүштү

«Манас — Ата Сапат» лицейинде 11 окуучу ууланган, окуучулардын уулаанышынын себептери аныкталууда.  Дарыгерлер алардын абалдарын канааттандыраарлык деп айтышууда.

Талас облусунун «Манас — Ата Сапат» лицейинин алты окуучусу 16-октябрь күнү кечинде ашказандары ооруп жатканына арызданышып жергиликтүү ооруканага кайрылышкан.

Эртеси күнү ошондой эле арыздануулар менен беш окуучу медициналык жардам сурашып кайрылышканын «Азаттык» үналгысына облустук оорукананын башкы дарыгери Шаршенбек Жумашалиев билдирген.

«Биз биринчи түшкөн алты баланы чыгардык. Бирок ошол эле күнү кечинде бизге дагы беш окуучу кайрылган. Учурда алар кабыл алуу бөлүмүндө. Абалдары канааттандыраарлык», — деди ал.

Окуядан кийин Саламаттык сактоо министрлигинен лицейдин бардык окуучуларын текшеришкен. Дагы 24 окуучудан тамак аш менен уулануу белгилерин катташкан, бирок аларды ооруканага жаткыруу талабы жок болгон. Аталган министрликтен уулануунун себептерин аныктоо үчүн тамак-аштын калдыктарын анализге алышканын кошумчалашты.

Лицейдин басма сөз катчысы Лаура Исабаева «Азаттык» үналгысына курган маегинде ооруканага алты окуучу кайрылганын тастыктаган. Ал ошондой эле уулаануунун себептери аныкталып жатканын билдирген.

Мурда «Себат» аталган «Сапат» лицейлеринин филиалдары Кыргызстанда 1992-жылдан бери иштейт. Өлкө боюнча 30 лицейде 11 миңден ашуун окуучу жана миңден ашуун тарбиячы эмгектенет.


ТЕМА БОЮНЧА: