Транспорт министрлигинин кызматкерлерине каршы кылмыш иши козголду

Башкы прокуратура Бишкек — аэропорт «Манас» жолунда жарыктарды орнотуудагы эреже бузуулар үчүн транспорт министрлигин кызматкерлерине каршы кылмыш ишин козгоду. Келтирилген зыяндын жалпы өлчөмү 6 млн сомду түзгөн.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдиргендей, Бишкек — аэропорт «Манас» авто жолунда электр жарыктарын орнотууда эреже бузуулар аныкталган.

Тергөөнүн версиясы боюнча, Транспорт министрлигин кызматкерлери тандоонун талаптарына жооп бербеген фирма менен келишим түзүшкөн.

Жарык берүү жабдыктарын орнотуу иштеринен кийин алар фирмага 84 млн сом которушкан, бирок башында келишим 75 млн сомго түзүлгөн.

«Мурда макулдашылган долбоордон олуттуу четтөөлөр болгонуна карабастан аткарылган жумуштар кабыл алынган. Мындан тышкары 2,7 чакырым жерди жарыктандырууда дагы эреже бузуулар аныкталып, жарык жолдун ортосуна гана коюлган, бирок эреже боюнча жарыктандыруу жолдун эки капталына коюлушу керек болчу», — деп айтылат билдирүүдө.

Башкы көзөмөл органынын маалыматына ылайык, Транспорт министрлигин кызматкерлери мамлекетке жалпы 6 млн 324 миң сомго зыян келтиришкен.

Башкы прокуратура эреже бузуулар фактысы боюнча үч берене боюнча кылмыш ишин козгоду:

«Аукцион, тендерлерди өткөрүүнүн эрежелерин бузуу, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы келген мамлекеттик сатып алууларды ишке ашыруу менен келишим түзүү».

Жалпы жонунан транспорт министрлигин кызматкерлери 1 жылдан 2 жылга чейин эрктеринен ажыратылышы мүмкүн.


ТЕМА БОЮНЧА: