HRW Жээнбековдон ЖМКлар менен «негизсиз» соттошууну токтотууну талап кылууда

Эл аралык Human Rights Watch укук коргоо уюму билдиргендей, жаңы өкмөт менен жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбеков бийликтегилердин ишин сындап жаткан ЖМКларга каршы «негизсиз» арыз берүүлөрдү токтотушу керек.

Уюмдун укук коргоочуларынын айтымында, жаңы президент менен жаңы өкмөт көзкарандысыз активисттер менен ЖМКлардын «маанилүү ролун» сыйлап, алар «куугунтуктоолор же жазалоолордон» коркпой иштей тургандай кылып бериши керек.

«Кыргызстанда конкурстук президенттик шайлоо өттү, бирок көзкарандысыз байкоочулар жалпыга маалымдоо каражаттарына карата чектөөлөр болуп жатканы боюнча айтышкан кабатырлануулары реформаларга болгон муктаждыктар сакталууда экенин көрсөтүп турат», — деп айтты Human Rights Watchтун Борбор Азиядагы изилдөөчүсү Мира Ритман.

Укук коргоочулар ЕККУнун эл аралык байкоочулары катташкан эреже бузууларга көңүл бурушкан. Негизинен аларды Ошто шайлоону чагылдырган журналисттерге болгон бир нече кол салуулар, административдик ресурс колдонуулар, коркутуулар жана шайлоочуларды сатып алуулар кабатыр кылган.

«Шайланган президент эл алдында ушул жана башка көйгөйлөрдү мойнуна алып, Кыргызстандын эл аралык милдеттенмелерин коргой турганы боюнча аларга белги катары кайрыла турганын убадалашы керек», — деп билдирүүдө Human Rights Watch.

Уюмдун укук коргоочуларынын айтымында, Жээнбеков адам укуктары маселелерине көңүл буруп, аларды оңдошу керек.

HRWнын укук коргоочулары билдиргендей, жаңы өкмөт БУУнун Адамдар укугу боюнча комитетинин токтомуна таянып, укук коргоочу Азимжан Аскаровду «токтоосуз» камактан бошотушу керек.

Мындан тышкары, укук коргоочулардын оюнча, Жээнбеков өзүнүн жаңы командасы менен «укук коргоо органдары тарабынан болуп жаткан жазасыздык кыйноолор менен ырайымсыз мамилелердин маданиятына чекит коюшу керек».

Жээнбековдун 24.kgге каршы арызы

Жээнбеков өзү шайлоо учурунда «Сочиге сапар. Кремлге мураскер эмнеси менен жакшы экенин кайрадан түшүндүрүшөбү?» деген макала үчүн 24.kg басылмасы менен мурдагы депутат Кабай Карабековду сотко берген. Карабеков өзүнүн макаласында «Жээнбековдун бир туугандарынын Арабиянын радикалдуу уюмдары менен байланыштыгы» жөнүндө жазган.

Бишкектин Свердлов райондук соту 20-октябрда бул макала Сооронбай Жээнбековдун ар-намысы менен кадыр-баркына шек келтирет деп тааныган. Мурдагы депутат менен басылма Жээнбековго 5 млн сомдон моралдык зыян төлөп бериши керек.

Кол санактын жыйынтыктарына алайык, 15-октябрда өткөн президенттик шайлоодо Жээнбеков добуштардын 50 пайызын алган. Анын башкы атаандашы Өмүрбек Бабанов 30 пайыз добуш алып, экинчи орунда келе жатат.


ТЕМА БОЮНЧА: